Артка
Бүгүн, 2020-жылдын 17-мартында, Чүй облусунун Сокулук районунун Крупская айыл аймагында калкка Акысыз консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү боюнча борбордун салтанаттуу ачылышы болуп өттү.
Салтанатту аземде, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды кординациялоо борборунун (МКЮЖ КБ) жетекчисинин орун басары - Жылдыз Рыскулова, МКЮЖ КБнын адвокаттары жана БУУӨП долбоорунун өкүлдөрү катышышты.
Акысыз консультациялык-укуктук жардамга кайрылган жарандардын саны жыл сайын көбөйүп жаткандыгын белгилей кетүү керек.
Алсак, 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча акысыз консультациялык-укуктук жардамды 80881 жаран алган. Көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамдын саны - 14 441 адамды түзгѳн.
2020-жылдын январь-февралында консультациялык-укуктук жардамды 12695, ал эми 2065 жаран квалификациялуу юридикалык жардам алган.