Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы

Артка

25 сентябрь 2020

Жазык жана жорук иштери боюнча көрсөтүлүп жаткан квалификациялуу юридикалык жардамды апробациялоонун инструменттерин сыноо боюнча иш-чаралар башталды

Жазык жана жорук иштери боюнча көрсөтүлүп жаткан квалификациялуу юридикалык жардамды апробациялоонун инструменттерин сыноо боюнча иш-чаралар башталды

Жазык жана жорук иштери боюнча көрсөтүлүп жаткан квалификациялуу юридикалык жардамды мониторинг жүргүзүү боюнча Методологиясынын долбоору Кыргыз Республикасынын юстиции министри тарабынан бекитилген 2019-2020-жылдарга карата соттук-реформа боюнча турукташтыруу иш-чаралары боюнча Планын ишке ашыруу үчүн иштелип чыккан.

Ошого байланыштуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде жазык жана жорук иштери боюнча көрсөтүлүп жаткан квалификациялуу юридикалык жардамды мониторинг жүргүзүү боюнча Методологиясын апробациялоо (пилоттоштуруу) боюнча түзүлгөн мониторинг тобунун биринчи жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө МКЮЖ КБнун кызматкерлеринен, МКЮЖ тутумунун адвокаттарынан, эксперт-консультанттардан жана жарандык сектордун өкүлдөрүнөн турган мониторинг тобу тарабынан квалификациялуу юридикалык жардамды апробациялоонун (пилоттоштуруу) инструменттерин сыноо боюнча План-графиги иштелип чыкты.

Мониторингдин жыйынтыгы боюнча мониторинг тобу тарабынан бирдиктүү аналитикалык отчет иштелип чыгат, ошондой эле квалификациялуу юридикалык жардамдын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча сунуштар берилет.

Белгилей кетүүчү нерсе, бул мониторинг административдик курал мүнөзүнө ээ эмес, тескерисинче, мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам тутумун өркүндөтүү боюнча башкаруучулук чараларын иштеп чыгуу максатында гана жүргүзүлөт.

Апробациянын жыйынтыгы боюнча жогоруда аталган Методологиянын долбоору толугу менен иштелип чыгып, МКЮЖ КБна колдонууга кабыл алынуусу пландалууда.