Артка
2025-жылдын 20-январында Панфилов райондук мамлекеттик администрациясында “Электрондук байкоо жүргүзүү” аталышындагы семинар тренинг болуп өттү. Семинарга мамлекеттик жактоочу Э.Алымкулов, Юстиция министрлигинин юридикалык жардам кызматынын Панфилов районуну боюнча координатору Б.Насиров, Панфилов району боюнча пробация органынын башкы адиси М.Уметов, жетектөөчү адис Р.Усеинов катышышты.
«Электрондук байкоо» — бул аралыктан идентификациялоо мүмкүнчүлүгү менен айыпталуучунун турган жерин контролдоону камсыз кылган мониторингдин заманбап системасы.Система электрондук билериктер аркылуу, ошондой эле уюлдук телефондогу мобилдик тиркеме аркылуу ишке ашырылат.
Тренингдин жүрүшүндө, М.Уметов жана Р.Усеинов “Электрондук байкоонун” негизги өзгөчөлүктөрү жана кардарларга колдонуусу жөнүндө кеңири маалымат беришти.
Жыйындын соңунда катышуучулар«Электрондук байкоо»каражаттарын колдонуунун тартиби боюнча бир катар суроолорду беришип, ага жоопторду алышты