Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы

Артка

11 февраль 2020

Рыскулова Джылдыз: Студенттерди даярдоодо жана окутууда ушул үй-бүлөлүк, мурастык, жер жана социалдык маселелер боюнча практикалык колдонмолор натыйжалуу инструмент болуп берет деп үмүттөнөм

one

Бул тууралуу МКЮЖды КБнун директорунун орун басары Рыскулова Джылдыз маалыматтык практикалык үй-бүлөлүк, мурастык, жер жана социалдык маселелер боюнча пособиелердин кезектеги презентациясы учурунда билдирди.

Презентация ѳлкөнүн ЖОЖдорунун айрым өкүлдөрү үчүн Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борборунда (МКЮЖды КБу) 2020-жылдын 11-февралында болуп өттү.

МКЮЖду КБунун директорунун орун басары презентациянын катышуучуларына бул колдонмолор юристтерге калк кайрылган эң актуалдуу суроолорго жоопторду камтышат. Иштеп чыгуучулар колдонуучуларга баштапкы консультация берүү процессин жана колдонмо камтыган маселелерди максималдуу жѳнѳкѳйлѳтүүгѳ аракет кылышты деп белгиледи.

Джылдыз Рыскулова практикалык колдонмо адвокаттар, жекече иштеген юристтер, нотариустар жана судьялар менен талкууланды. Алар бүгүнкү күндө колдонулуп жаткан мыйзамдарга толугу менен ылайык келет деп маалымдады.

Бет ачардын аягында катышуучуларга мамлекеттик жана расмий тилдерде практикалык пособиелер таратылды.

Иш чарага К.М. Сманалиев - КУУнун юридикалык факультетинин деканы, Кыдырмамбет кызы Мээрим – КЭУнун клиникасынын куратору, Н.Н. Гривцов - КМЮАнын клиникасынын директору жана Ш. Мусурова - КЭУнун ОИѲКнин клиникасынын куратору, ошондой эле туруктуу ѳнѳктѳштѳр КРнын Юридикалык клиникалардын ассоциациясы - жетекчиси А.Ж. Бакиров катышышты.

Маалымат үчүн: Маалымдама практикалык колдонмолор КРнын Юстиция министрлиги, Ист-Вест Менеджмент Институту – Кыргыз Республикасы ишке ашырган USAID Биргелешип башкаруу программасынын колдоосу менен Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча борборлордун адвокаттарынын жана кеңири коомчулуктун укуктук сабаттуулугун жогорулатуу максатында иштеп чыгарылган.

Көрсөтүлгөн китептердин базасында угуучулардын эң көп санын тартууга багытталган укуктук процесстердин кыскача, сыйымдуу сыпаттамалары менен инфографикаларды камтыган видеокурстар түзүлгөн. Алар Юстиция министрлигинин жана Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбордун бардык сайттарында жеткиликтүү болот.