Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында кылмыш иштери боюнча квалификациялуу юридикалык жардам берүүдө катышкан координаторлор жана адвокаттар үчүн ПРАКТИКАЛЫК КОЛДОНМО

                                                                                                                                                                                   Приложение №1

                                                                                                                                                                   «Бекитилди»

                                                                                                                                                                      Кыргыз Республикасынын 

                                                                                                                                                                 Юстиция министрлигине караштуу

                                                                                                                                                             МКЮЖ координациялоо борборунун 

                                                                                                                                                               2018-жылдын «___» __________

                                                                                                                                                                 №______ буйругу менен


Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында кылмыш иштери боюнча квалификациялуу юридикалык жардам берүүдө катышкан координаторлор жана адвокаттар үчүн

ПРАКТИКАЛЫК КОЛДОНМО


  1. Жалпы жоболор


  1. Ушул мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында кылмыш 

иштери боюнча квалификациялуу юридикалык жардам берүүдө катышуучу координаторлор жана адвокаттар үчүн практикалык колдонмо (мындан ары – Колдонмо) Кыргыз Республикасынын «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» мыйзамынын талаптарына жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо Борборунун (мындан ары-МКЮЖКБ) Жобосуна ылайык, МКЮЖКБ нун координаторлоруна жана мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү менен алектенген адвокаттарга методикалык жана уюштуруу жагынан колдоо максатында иштелип чыккан.

  1. Колдонмо Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексине,

«Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана башка  мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын тутумунун ишин жөнгө салуучу  Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларына ылайык, мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында кылмыш иштери боюнча юридикалык жардам көрсөтүүдө (мындан ары- квалификациялуу юридикалык жардам) координаторлор менен адвокаттардын ишинин тартибин жөнгө салат.

  1. Бул Колдонмодо пайдаланылуучу түшүнүктөрдүн мааниси Кыргыз 

Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин жана Кыргыз Республикасынын «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» Мыйзамынын негизги түшүнүктөрүнө туура келет.



  1. Кылмыш иштери боюнча квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө арыздарды берүүнүн тартиби


4. Кыргыз Республикасынын «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» Мыйзамынын 8-беренесинде белгиленген жактар кылмыш иштери боюнча квалификациялуу юридикалык жардам алууга укугу бар. (мындан ары текст боюнча – алуучу)


  1. Квалификациялуу юридикалык жардам алуу үчүн алуучу тарабынан 

координатордун атына жазылган арыз (МКЮЖКБ тарабынан белгиленген форма боюнча) берилет.  


  1. Квалификациялуу юридикалык жардам алууга арыз, алуучунун өкүлү

 же алуучунун кызыкчылыгы үчүн катышкандар аркылуу  берилиши мүмкүн.

  1. Квалификациялуу жардам алуу үчүн арыз МКЮЖКБ тарабынан 

белгиленген форма боюнча гана толтурулат.

  1. Эгер алуучу кылмыш же жазык жасоодо шектелип камоочу же 

кармалган жерде болсо, квалификациялуу юридикалык жардам алуу үчүн арыз камалган жердин администрациясы, кылмыш иши өндүрүшүндө болгон тергөөчү же судья, ошондой эле нөөмөттөгү адвокат же координатор дайындаган адвокат аркылуу берилиши мүмкүн.

  1. Алынган арыздын түп нускасы координаторго үч календарлык күндөн кеч эмес 

мөөнөттө жиберилет

  1. Координаторго келип түшкөн баардык арыздар, ошондой эле адвокат, 

кармоочуу жердин администрациясы, тергөөчү жана сот тарабынан факс, электрондук почта, же башка байланыш тутумдары аркылуу келип түшкөн арыздар каттоо журналына катталат.


11.  Каттоо журналы төмөндөгүдөй маалыматтарды камтыйт:

- каттоо тартибинин номери;

-келип түшкөн арыздын же арыз алынгандыгы жөнүндө билдирүүнүн  датасы, 

убакыты;

- алуучунун аты-жөнү, ИЖНи жана паспортунун көчүрмөсү;

- алуучунун статусу жана Кылмыш-жаза кодексинин беренеси;

- арыз берүүчүнүн аты-жөнү;

- кылмыш өндүрүшүнүн стадиясы, кылмыш ишин караган орган; 

- дайындалган адвокаттын аты жөнү;

- адвокатты дайындоо убактысы;

- адвокатты дайындоо чечиминин номери жана датасы;  

- квалификациялуу юридикалык жардам берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдин номери жана датасы;

- квалификациялуу юридикалык жардамды көрсөтүүнү токтотуу жөнүндө чечимдин номери жана датасы;

- адвокатты алмаштыруу жөнүндө чечимдин номери жана датасы.


12. Каттоо журналында Практикалык Колдонмонун 11-пунктунда көрсөтүлбөгөн башка маалыматтар камтылышы мүмкүн.

13. Келип түшкөн арыздарды каттоо журналы, бир эле убакта электронндук форматта дагы жүргүзүлүшү мүмкүн.  


  1. Квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүдо 

координатордун аракети.


14. Координатордун милдеттери.


14.1 Координатор өзүнүн милдеттеринин алкагында: 

- алуучулар менен адвокаттардын ортосундагы жана МКЮЖ алкагындагы субъектилери менен мамлекет кепилдеген юридикалык жардам чегинде өз ара аракеттенишүүнү камсыз кылат;

- арыздарды карайт;

- адвокатты дайындайт;

- алуучунун макамын тастыктоо үчүн маалыматтарды чогултат;

-квалификациялуу юридикалык жардам берүү же баш тартуу, алмаштыруу жана токтотуу жөнүндө мотивациялык чечим чыгарат.

- белгиленген тартипте жана мөөнөттө квалификациялуу юридикалык жардам берүү боюнча акы төлөө же акы төлөөдөн баш тартуу жөнүндө туура чечим чыгарат;

- белгиленген аймак боюнча адвокаттардын кезметчилигинин графигин түзөт жана иш жүргүзөт.

- адвокаттын келишимдин шарттарын сактоосун камсыз кылат;

-белгиленген тартипте адвокаттардын квалификациялык юридикалык жардам берүүдөгү иш-аракеттери боюнча мониторинг жана анализ жүргүзөт;

- белгиленген аймактар боюнча квалификациялуу юридикалык жардам берүү боюнча отчеттун түзөт;

 - мыйзамга ылайык озуно берилген башка ыйгарым укуктарды жана  милдеттерди аткарат. 

14.2 Координатор тарабынан кабыл алынган чечимдер иш кагаздарын жүргүзүү боюнча, өзүнчө наряддарга көктөлөт.


15. Квалификациялуу юридикалык жардам алуу жөнүндө арыздарды карап чыгуу, адвокаттарды дайындоонун тартиби. 


15.1 Координатор алуучунун статусу белгиленгенге чейин баардык келип түшкөн арыздар боюнча квалификациялуу юридикалык жардам берүү үчүн адвокатты дайындоо жөнүндө чечим кабыл алат.


15.2 Адвокатты дайындоо жөнүндө чечим жазуу түрүндө эки нускада чыгарылат. Бир нускасы “Адвокатты дайындоо жөнүндө чечим” нарядына тигилет, экинчиси Регистрге тиркөө үчүн дайындалган адвокатка берилет. Чечимге координатор кол коет жана  мөөр менен тастыктайт. 


15.3 Координатор кабыл алынган чечим жөнүндө токтоосуз дайындалган адвокатка билдирет.


16. Алуучу жөнүндө маалыматты топтоо.


16.1 Координатор квалификациялуу юридикалык жардам берүү жөнүндө арызды алган учурдан тартып 3 күндөн кеч эмес мөөнөттө алуучунун  квалификациялуу юридикалык жардам алууга макамын аныктоо үчүн, социалдык фонд, салык инспекциясына, ошондой эле башка уюмдарга жана мекемелерге суроо-талап жиберет.


16.2 Суроо-талаптар чыгыш журналында катталат жана ар бир инстанцияларга берилген суроо-талаптар боюнча маалыматты алганга чейин координатордун көзмөлүндө болот.


16.3 Координатор тарабынан  алынган маалымкат нарядга тиркелет. 


17. Квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө чечим кабыл алуу. 


17.1 Квалификациялуу юридикалык жардамга муктаж болгон жактын кирешеси жөнүндө маалыматты алгандан кийин, координатор, Кыргыз Республикасынын «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» Мыйзамына ылайык, мындай жардамды көрсөтүү же андан баш тартуу жөнүндө чечим чыгарат.

17.2  Квалификациялуу юридикалык жардам  жазык-процессуалдык мыйзамда каралган башка учурларда да көрсөтүлүүсү мүмкүн. 


18. Квалификациялуу юридикалык жардамды  көрсөтүүдөн баш тартуу жана квалификациялуу юридикалык жардамды  көрсөтүүнү токтотуу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу.


18.1. Кыргыз Республикасынын «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» Мыйзамынын 24-беренесинин 1-пунктунда каралган негиздер болгон учурда, координатор квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат. 

18.2 Квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим жазуу жүзүндө үч нускада чыгарылат. Бир нускасы “Юридикалык жардам көрсөтүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим” нарядына тигилет, экинчиси  дайындалган адвокатка берилет, ал эми үчүнчүсү арыз берүүчүгө жөнөтүлөт.

18.3 Координатор бир күндөн кеч эмес мөөнөттө квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдин көчүрмөсүн кылмыш иши анын өндүрүшүндө турган тергөө бөлүмүнө же сотко жиберет

18.4  Координатор кабыл алынган чечим жөнүндө келип түшкөн арыздарды каттоо журналына белгилейт. 

18.5 Квалификациялуу юридикалык жардамды  көрсөтүүнү токтотуу жөнүндө чечимди, Кыргыз Республикасынын «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» Мыйзамынын 26-беренесинин 1-пунктунда корсотулгон учурда кабыл алат. 

18.6 Квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүнү токтотуу жөнүндө чечим үч нускада чыгарылат. Бир нускасы “Квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүнү токтотуу жөнүндө чечим” нарядына тиркелет, экинчи нускасы Регистрге тиркелет, ал эми үчүнчүсү алуучуга жөнөтүлөт. 

18.7 Координатор бир күндөн кеч эмес мөөнөттө квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүнү токтотуу жөнүндө чечимдин көчүрмөсүн кылмыш иши анын өндүрүшүндө турган тергөө бөлүмүнө же сотко жиберет.

18.8 Координатор кабыл алынган чечим жөнүндө келип түшкөн арыздарды каттоо журналына белгилейт. 



19. Адвокатты алмаштыруу. 


19.1 Квалификациялуу юридикалык жардам берүүчү адвокатты алмаштыруу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» Мыйзамынын 25-беренесинин негизинде координатор тарабынан кабыл алынат. 

19.2  Адвокатты алмаштыруу жөнүндө чечим үч нускада чыгарылат. Адвокатты алмаштыруу жөнүндө чечимдин бир нускасы “Адвокатты алмаштыруу жөнүндө чечим” нарядына тиркелет, экинчи нускасы Регистрге тиркөө үчүн адвокатка тапшырылат, ал эми үчүнчүсү алуучуга тапшырылат же жөнөтүлөт.   

19.3 Координатор кабыл алынган чечим жөнүндө келип түшкөн арыздарды каттоо журналына белгилейт.                                                                

19.4 Алуучунун адвокатты алмаштыруу жөнүндөгү арызы Регистр менен (адвокаттык досье) тиешелуу соттун жайгашкан орду боюнча координаторго жиберилет.   

Эгерде алуучудан аймактык тизмедеги адвокаттын катышуусу мүмкүн болбогон жүйөлүү арыз түшсө экинчи жана көзөмөл инстанциясындагы сотко жана областтык (шаардык) же Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна соттун жайгашкан орду боюнча аймактык тизмеден адвокаттар катыша алышат.

19.5 Ушул Колдонмонун 19.4 пунктунда каралган учурда, Адвокатты алмаштыруу жөнүндөгү алуучунун арызы келип тушкон тийиштуу территориянын координатору тарабынан, адвокатты алмаштыруу жөнүндө чечим төрт нускада чыгарылат. Адвокатты алмаштыруу жөнүндө чечимдин бир нускасы “Адвокатты алмаштыруу жөнүндө чечим” нарядына тигилет, экинчи нускасы Регистрге тиркөө үчүн адвокатка тапшырылат, ал эми үчүнчүсү алуучуга, төртүнчүсү алуучунун арызы жиберилген координаторго жиберилет.


20. Адвокаттардын кезмет графигин түзүү жана жүргүзүү. 


20.1 Координатор кийинки айга 5 күн калганга чейин адвокаттардын кезметтик графигин жана тийиштүү аймактардагы резервтеги адвокаттардын тизмесин тузөт жана  бекитет.

20.2  Кезмет графиги милдеттүү түрдө мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумунда квалификациялуу юридикалык жардам берүү боюнча адвокаттардын Мамлекеттик реестрине ( тексте мындан ары –Реестр) кирген адвокаттар менен макулдашылат. 

20.3. Координатор адвокаттарды дайындоодо адвокаттардын кезметтик   графигине, резервдеги адвокаттрадын тизмесине ылайык бекитилген ыраттуулукту сактоого милдеттүү. Эгерде алуучунун гендердик таандыгына ылайык адвокаттын дайындалышы керек болгон учурда (аял), адвокаттын айрым кылмыштардын түрлөрү боюнча ( эрезеге жете элек балдарды коргоо, үй-бүлөдөгү кыйноо, зомбулукка дуушар болгондор ж.б.) квалификациялуу адистиги керек болгон учурларда өзгөрүүлөр киргизилиши мүмкүн.

20.4 Координатор жарандар кармоого учураган учурда тез квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Реестрде турган адвокаттардын күнү-түнү кезметин уюштурат. 

20.5 Бир канча адвокаттын дайындалышы же адвокаттын ордуна дайындалышы керек болгон учурларда координатор бекитилген ыраттуулук боюнча резервдеги адвокаттардын тизмесинен башка адвокаттарды тартат. 

20.6 Адвокаттардын нөөмөттөрүнүн графиги төмөнкү маалыматтардан турат:

- адвокаттын аты-жөнү;

- адвокаттын кезметинин күнү жана убактысы; 

адвокаттын байланыш телефондору жана жумуш ордунун дареги;

координатордун байланыш телефондору

резервдеги адвокаттардын тизмеси (байланыш телефондору, кезмет күнү);

 - кезмет графигин бекитүү жөнүндөгү координатордун мөөр менен бекитилген кол тамгасы жана күнү.

20.7 Координатор адвокаттардын кезмет графигин учурдагы айдын аякташына беш күн калганга чейин МКЮЖКБнын тийиштүү аймактык бөлүмүнө, ИИМдин, УКМКнын, ЭКККМКнын, ЖАМКнын бардык түзүмдүк бөлүмдөрүнө, прокуратура органдарына, Кыргыз Республикасынын сотторуна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын аймактык бөлүмдөрүнө жиберет жана аны жалпыга маалымдоо үчүн орноштурууну камсыз кылат.


21. Квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү чөйрөсундөгү мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасын анализдөө жана мониторинг жүргүзүү. 

21.1 Координатор кызматташуунун алкагында укук коргоо, сот жана башка органдарынан кармалган жактар боюнча жана адвокаттардын квалификациялуу жардам берүү үчүн убагында келгендиги жөнүндө, процессуалдык иш-аракеттерди жүргүзүүдө анын катышуусу боюнча маалымат сурайт. тарабынан берилген маалыматтарды жалпылоо жолу менен квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү боюнча МКЮЖнын системасынын иштешин анализдейт, аларды адвокаттардын ай сайын берилүүчү отчеттору менен салыштырат жана тийиштүү мониторинг жүргүзүү үчүн МКЮЖКБнын бөлүмүнө өткөрүп берет.

21.2 Координатор аналитикалык документ түзүү үчүн, кызматташтыктын алкагында укук коргоо, сот жана башка органдардан кармоого алынган адамдардын саны, квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү үчүн келген адвокаттын өз убагында келиши жана анын процессуалдык аракеттерди жүргүзүү учурундагы анын катышуусу жана  тийиштүү аймакта квалификациялуу юридикалык жардам алууга муктаж жарандардын санын, жана башка керек болгон маалыматтарды сурайт.

21.3 Адвокаттык этиканын жана адвокаттын профессионалдык ишмердүүлүгү менен байланышкан башка тартип бузуулар боюнча арыз жана билдирүүлөр координатор тарабынан Кыргыз Республикасынын Адвокатурасына МКЮЖКБ аркылуу жиберилет.



  1. Кармоодо, тергөөдө жана сотто квалификациялуу 

юридикалык жардам көрсөтүүдө адвокаттын аракеттери.