Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө мыйзам

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаары, 2022-жылдын 10-августу № 91

Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө

(КР 2024-жылдын 27-февралындагы N 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

1-глава. Жалпы жоболор

1-берене. Жөнгө салуунун максаты, предмети жана колдонуу чөйрөсү

1. Ушул Мыйзамдын максаты сот адилеттигине жетүүгө адамдардын укуктарын ишке ашыруу, адилеттүү соттук териштирүүнү камсыз кылуу жана алда канча натыйжалуу, адилеттүү, отчет берүүчү жана укуктун үстөмдүгүнө жана адамдын негизги укуктарын коргоого негизделген сот адилеттигин жүргүзүү тутумун түзүү болуп саналат.

2. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды берүүгө байланыштуу келип чыккан коомдук мамилелер болуп саналат.

3. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга жана ушул Мыйзамда каралган учурларда жана тартипте мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды алууга муктаж болгон качкындарга жайылтылат жана мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын уюштуруу-укуктук, социалдык-экономикалык, финансылык, маалыматтык, контролдук жана башка негиздерин аныктайт, ошондой эле мамлекет кепилдеген юридикалык жардам чөйрөсүндөгү саясатты координациялоо жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмүнүн укуктук статусун жана ыйгарым укуктарын белгилейт.

2-берене. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө мыйзамдар

Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизденет, ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.

3-берене. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын принциптери

Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын принциптери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) мыйзамдуулук;

2) мамлекет кепилдеген юридикалык жардамга муктаж болгон жеке адамдардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо;

3) мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын жеткиликтүүлүгү жана сапаты;

4) мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүүдөгү купуялык;

5) юридикалык жардам көрсөтүүнүн жана мыйзамдардын талаптарын жана кесиптик этиканын ченемдерин сактоонун сапатына мамлекеттик контролдун натыйжалуулугу;

6) басмырлабоо;

7) баланын кызыкчылыктарын өтө жакшы камсыз кылуу.

4-берене. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын тутуму жана түрлөрү

1. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутуму - мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, башка уюмдар жана адамдар тарабынан мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын ушул Мыйзамга ылайык берилишин жана көрсөтүлүшүн уюштуруу тутуму.

Алардын өз ара аракеттенүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

Караңыз:

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-майындагы N 241 "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын субъекттеринин өз ара аракеттенүү тартибин жана Квалификациялуу юридикалык жардам алууга адамдын укугун ырастоочу документтердин тизмегин бекитүү жөнүндө" токтому

2. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам консультациялык-укуктук жана квалификациялуу юридикалык жардам түрүндө көрсөтүлөт.

3. Консультациялык-укуктук жардам - Кыргыз Республикасынын укуктук тутуму, укук субъекттеринин укуктары жана милдеттери, укуктарды соттук жана соттон тышкаркы тартипте ишке ашыруу жана пайдалануу ыкмалары жөнүндө маалымдоо; укуктук маселелер боюнча консультацияларды берүү; укуктук мүнөздөгү документтерди түзүүгө жардамдашуу; адамдын квалификациялуу юридикалык жардамга жетүүсүн камсыз кылууга жардам көрсөтүү; квалификациялуу юридикалык жардам аныктамасына туура келбей турган жардамдардын башка формалары;

Консультациялык-укуктук жардам алууга Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар жана качкындар укуктуу.

4. Квалификациялуу юридикалык жардам - ушул Мыйзамда белгиленген учурларда сот өндүрүшүнүн бардык баскычтарында мамлекеттин эсебинен кылмыш-жаза, жарандык, административдик иштер боюнча жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча адамдардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын билдирүү жана/же коргоо боюнча адвокаттын кесиптик иши.

5-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр

Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:

1) адвокаттык досье - бул квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү процессинде адвокат чогулткан маалыматтардын, документтердин, предметтердин жана башка маалымат алып жүрүүчүлөрүнүн жыйындысы;

2) арыз ээси - өз кызыкчылыгы же башка адамдардын кызыкчылыктары үчүн квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылган адам;

3) координатор - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекет кепилдеген юридикалык жардам берүүнү камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмүнүн ыйгарым укуктуу кызмат адамы;

4) көмөкчү юрист - консультациялык-укуктук жардам көрсөтүүчү, юридикалык билими жок, белгилүү чөйрөдө атайын түшүнүктөрү бар адам;

5) ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү - мамлекет кепилдеген юридикалык жардам берүү боюнча процессти координациялоо үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети түзгөн адистештирилген мекеме;

6) алуучу - ушул Мыйзамда белгиленген тартипте мамлекет кепилдеген юридикалык жардам берилген жеке жак;

7) ыйгарым укуктуу орган - мамлекет кепилдеген юридикалык жардам чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укуктар берилген мамлекеттик орган;

8) регистр - кылмыш-жаза, жарандык, административдик сот өндүрүшүнүн жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча баскычтарында өзүнө тапшырылган ишке байланыштуу адвокаттын катышкандыгын тастыктоочу процесстик документтер жана ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмүнүн чечими менен бекитилген форма боюнча квалификациялуу юридикалык жардамдын көрсөтүлүшү тууралуу адвокаттын отчеттору;

9) юридикалык клиника - юридикалык жардам көрсөтүүчү жогорку окуу жайынын түзүмдүк бөлүмү же юридикалык жак.

(КР 2024-жылдын 27-февралындагы N 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2-глава. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумунун субъекттери

6-берене. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумун башкарууга катышуучу органдар

Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумун башкарууга катышуучу органдар болуп төмөнкүлөр саналат:

1) ыйгарым укуктуу орган;

2) ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү жана анын аймактык бөлүмдөрү.

7-берене. Ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү жана анын аймактык бөлүмдөрү

Жүктөлгөн функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү координаторлор жетекчилик кылуучу облустук жана райондук түзүмдүк аймактык бөлүмдөрдү түзөт.

Ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмүнүн укуктук статусу жана ишин жүзөгө ашыруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

Караңыз:

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы N 557 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы жөнүндө" токтому

8-берене. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү боюнча адвокаттардын мамлекеттик реестри

1. Ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам берүү боюнча адвокаттардын мамлекеттик реестрин (мындан ары - реестр) жүргүзөт.

2. Реестр кагаз жана электрондук формаларда түзүлөт жана ыйгарым укуктуу органдын жана ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмүнүн расмий сайтында жайгаштырылат.

3. Реестрге киргизүү үчүн адвокат жеке өзү же болбосо Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы аркылуу ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмүнө арыз берет.

4. Квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү үчүн адвокаттарды тандоо тартиби жана критерийлери Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы тарабынан иштелип чыгат жана ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү тарабынан бекитилет.

9-берене. Ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмүнүн координаторунун функциялары

Ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмүнүн координаторунун функцияларына төмөнкүлөр кирет:

1) арыз ээсинин, алуучунун, адвокаттын жана мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумунун башка субъекттеринин ортосунда өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу;

2) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам берүү жөнүндө арызды кароо;

3) квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү үчүн адвокатты дайындоо жөнүндө чечим кабып алуу;

4) алуучунун кирешесинин деңгээлин ырастоо үчүн маалымат топтоо;

5) адвокатты алмаштыруу жөнүндө, квалификациялуу юридикалык жардам берүүдөн баш тартуу же токтотуу жөнүндө жүйөлөнгөн чечимди кабыл алуу;

6) жер-жерлерде адвокаттардын кезметчилик графигин түзүү жана жүргүзүү;

7) белгиленген тартипте мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү боюнча адвокаттардын ишине мониторинг жүргүзүү;

8) берилген жардамдын адвокаттардын мамлекет кепилдеген юридикалык жардам берүүсүнүн сапат стандарттарына шайкеш келишин текшерүү;

9) адвокаттык досьени, регистрди кабыл алуу, сактоо;

10) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипке ылайык адвокаттын квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн акы төлөө жөнүндө же төлөөдөн баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алуу;

11) консультациялык-укуктук жардам берүү;

12) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функциялар.

10-берене. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын катышуусу

1. Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы мамлекет кепилдеген юридикалык жардам чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырууга катышат.

2. Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы квалификациялуу юридикалык жардам берүүгө төмөнкүлөр аркылуу катышат:

1) адвокаттардын квалификациялуу юридикалык жардамынын сапат стандарттарын иштеп чыгуу;

2) адвокаттардын эмгек акысынын тарифтерин жана төлөө шарттарын иштеп чыгуу;

3) квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндөгү келишимдин формасын, мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумуна катышуучу адвокаттарды тандоо критерийлерин, регистрди, адвокаттык досьени жүргүзүү тартибин жана формасын жана маалыматты сактоо мөөнөтүн иштеп чыгуу;

4) адвокаттардын ишине мониторинг жүргүзүү жана аны баалоо методологиясын иштеп чыгууга катышуу;

5) адвокаттардын ишине мониторинг жүргүзүүгө жана баалоого катышуу;

6) адвокаттардын квалификациясын жогорулатууну уюштурууга жана жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү;

7) аймактык адвокатуралардын ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү жана анын аймактык бөлүмдөрү менен өз ара аракеттенүүсүнө көмөк көрсөтүү;

8) калкка мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө маалымат берүүгө катышуу;

9) адвокаттарды мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумуна катышууга тартуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу;

10) ушул Мыйзамга, адвокатура жана адвокаттык иш жөнүндө мыйзамдарга ылайык башка функцияларды аткаруу.

3. Ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмүнүн сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы берилген квалификациялуу юридикалык жардамдын сапатына жана/же адвокаттардын Кесиптик этика кодексин бузгандыгы жөнүндө арыздарды жана даттанууларды карайт.

(КР 2024-жылдын 27-февралындагы N 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

11-берене. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам берүүчү жана көрсөтүүчү субъекттер

1. Консультациялык-укуктук жардам берүүчү субъекттер:

1) мамлекеттик органдар жана алардын ведомстволук мекемелери;

2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын ведомстволук мекемелери;

3) ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү жана анын аймактык бөлүмдөрү;

4) адвокаттар, адвокаттардын жардамчылары, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар, юридикалык клиникалар жана көмөкчү юристтер.

2. Квалификациялуу юридикалык жардам реестрге киргизилген жана ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү менен келишим түзгөн адвокаттар тарабынан жүргүзүлөт.

(КР 2024-жылдын 27-февралындагы N 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

12-берене. Консультациялык-укуктук жардам берүү тартиби

1. Мамлекеттик органдар жана алардын ведомстволук мекемелери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын ведомстволук мекемелери адамдарга алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча мыйзамдарда белгиленген тартипте оозеки жана жазуу жүзүндө укуктук консультация берүү түрүндө консультациялык-укуктук жардам көрсөтүшөт.

2. Ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү жана анын аймактык бөлүмдөрү консультациялык-укуктук жардамдын ушул Мыйзамдын 4-беренесинде каралган бардык түрлөрүн көрсөтөт.

3. Адвокаттар, адвокаттардын жардамчылары, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар, юридикалык клиникалар тарабынан консультациялык-укуктук жардам берүү тартиби алар тарабынан өз алдынча аныкталат.

3-1. Көмөкчү юристтердин статусу, алардын реестрин жүргүзүү жана иш тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан

4. Ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү адвокаттар, адвокаттардын жардамчылары, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар, юридикалык клиникалар жана көмөкчү юристтер менен социалдык өнөктөштүк принциптеринде өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашыра алат.

(КР 2024-жылдын 27-февралындагы N 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

3-глава. Квалификациялуу юридикалык жардам

13-берене. Кылмыш-жаза сот өндүрүшү чөйрөсүндө квалификациялуу юридикалык жардам алууга укуктуу адамдар

1. Кылмыш-жаза сот өндүрүшү чөйрөсүндө квалификациялуу юридикалык жардам алууга укук Кыргыз Республикасынын жарандарына, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга, качкындарга берилет.

2. Кылмыш-жаза иши боюнча квалификациялуу юридикалык жардам шектелгендерге, айыпталуучуларга, соттолгондорго, акталгандарга, жабырлануучуларга, он сегиз жашка чейинки курактагы күбөлөргө, ошондой эле укук бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылган адамдарга берилет.

3. Ушул берененин 4-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, шектелгенге, айыпталуучуга, соттолгонго, акталганга, жабырлануучуга квалификациялуу юридикалык жардам анын кирешеси республикалык бюджет жөнүндө мыйзамда жыл сайын белгиленүүчү минималдуу эмгек акысынан 60 эсе өлчөмүнөн ашпаган шартта берилет. Кирешенин өлчөмү квалификациялуу юридикалык жардам үчүн кайрылганга чейинки 12 айлык мезгил үчүн эсептелет.

4. Квалификациялуу юридикалык жардам кирешени эсепке албастан төмөнкүлөргө берилет:

1) кармалган учурларда адамдарга;

2) өзгөчө оор кылмыш жасады деп шектелгендерге, айыпталгандарга, соттолгондорго, акталгандарга;

3) I жана II топтогу майыптыгы бар адамдарга;

4) психикалык оорудан жабыркаган адамдарга;

5) Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана аларга теңештирилген адамдарга;

6) балдарга;

7) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга;

8) баланы/балдарды тарбиялап жаткан жалгыз бой адамдарга;

9) мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларына;

10) мамлекеттик социалдык стационардык мекемелерде жашап жаткан улгайган жарандарга;

11) чет өлкөлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга, качкындарга;

12) адамдарды сатуунун курмандыктарына;

13) кылмыш-жаза куугунтуктоо органдары тарабынан инсандыгы аныкталбаган адамдарга;

14) кылмыш-жаза-процесстик мыйзамдарда каралган башка учурларда.

5. Он сегиз жашка чейинки курактагы күбөлөргө, ошоңдой эле балдарга кылмыш-жаза иштери боюнча квалификациялуу юридикалык жардам балдар иштери боюнча адистешүүдөн өткөн адвокаттар тарабынан берилет.

(КР 2024-жылдын 27-февралындагы N 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

13-1-берене. Укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча квалификациялуу юридикалык жардам алууга укуктуу адамдар

1. Укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча квалификациялуу юридикалык жардам алууга укук Кыргыз Республикасынын жарандарына, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга, качкындарга берилет.

2. Укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча квалификациялуу юридикалык жардам кармалган учурдагы адамга, ошондой эле камакка алуу каралган укук бузууну жасаган шектелгендерге берилет.

3. Квалификациялуу юридикалык жардам камакка алуу каралган укук бузууну жасады деп шектелген адамга анын кирешеси республикалык бюджет жөнүндө мыйзамда ар жылдык белгиленүүчү минималдуу эмгек акысынан 60 эсе өлчөмүнөн ашпаган шартта берилет. Квалификациялуу юридикалык жардам үчүн кайрылганга чейинки кирешенин өлчөмү 12 айлык мезгил үчүн эсептелет.

4. Адамдар кармалган учурларда квалификациялуу юридикалык жардам алардын кирешесин эсепке албастан берилет.

(КР 2024-жылдын 27-февралындагы N 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

14-берене. Жарандык сот өндүрүшү чөйрөсүндө квалификациялуу юридикалык жардам алууга укуктуу адамдар

1. Жарандык сот өндүрүшү чөйрөсүндө квалификациялуу юридикалык жардам алууга укук Кыргыз Республикасынын жарандарына берилет.

2. Квалификациялуу юридикалык жардам төмөнкүлөргө берилет:

1) эмгек акыны жана башка суммаларды эмгек акыны төлөө тартибинде өндүрүп алуу жөнүндө доолор жана эмгек укуктук мамилелеринен келип чыгуучу башка талаптар боюнча доогерлерге;

2) мертинүүдөн же ден соолугунун башка бузулушунун айынан, ошондой эле багуучусунун өлүмүнө байланыштуу келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө доолор боюнча доогерлерге;

3) кылмыш же укук бузуу менен келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндө доолор боюнча доогерлерге;

4) никени бузуу тууралуу иштери боюнча тараптарга;

5) алименттерди өндүрүп алуу жөнүндө доолор боюнча тараптарга;

6) балдардын жашаган жерин аныктоо жөнүндө доолор боюнча тараптарга;

7) бала менен баарлашуу тартибин аныктоо жөнүндө доолор боюнча тараптарга;

8) ата-энелик укуктарынан ажыратуу жөнүндө доолор боюнча тараптарга;

9) (КР 2024-жылдын 27-февралындагы N 58 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

10) (КР 2024-жылдын 27-февралындагы N 58 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Ушул берененин 4-бөлүгүндө каралган учурларды копшогондо, ушул берененин 2-бөлүгүндө 1-8-пункттарда көрсөтүлгөн доогерлерге же жоопкерлерге квалификациялуу юридикалык жардам алардын кирешеси республикалык бюджет жөнүндө мыйзамда жыл сайын белгиленүүчү минималдуу эмгек акысынын 60 эсе өлчөмүнөн ашпаган шартта берилет. Кирешенин өлчөмү квалификациялуу юридикалык жардам үчүн кайрылганга чейинки 12 айлык мезгил үчүн эсептелет.

4. Квалификациялуу юридикалык жардам жарандык иштердин бардык категориялары боюнча, кирешеси эсепке алынбастан, доогерлер же жоопкерлер катары төмөнкүлөргө берилет:

1) I жана II топтогу майыптыгы бар адамдарга;

2) Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана аларга теңештирилген адамдарга;

3) жашоонун оор кырдаалына дуушар болгон балдарга;

4) багуусунда баласы/балдары бар жалгыз бой адамдарга;

5) мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларына;

6) мамлекеттик социалдык стационардык мекемелерде жашап жаткан улгайган жарандарга;

7) жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү жарандарга;

8) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга;

9) сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таануу жөнүндө иштер боюнча жарандарга;

10) психиатриялык стационарга мажбурлап жаткырылган адамдарга.

5. Доогердин статусун аныктаганга чейин жана квалификациялуу юридикалык жардам алуу үчүн мамлекеттин эсебинен квалификациялуу юридикалык жардам алууга укугу бар жарандарга оозеки жана/же жазуу жүзүндө укуктук консультация берүү жүзөгө ашырылат жана алар үчүн арыздар, даттануулар, өтүнүчтөр жана процесстик мүнөздөгү башка документтер түзүлөт.

(КР 2024-жылдын 27-февралындагы N 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

15-берене. Административдик сот өндүрүшү чөйрөсүндө квалификациялуу юридикалык жардам алууга укугу бар адамдар

1. Административдик сот өндүрүшү чөйрөсүндө квалификациялуу юридикалык жардам алууга укук Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга жана качкындарга берилет.

2. Квалификациялуу юридикалык жардам, алардын өндүрүшү Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 20-23-главаларында белгиленген өзгөчөлүктөр менен жүзөгө ашырылуучу иштерди кошпогондо, төмөнкүлөргө берилет:

1) административдик актыны же административдик органдын аракеттерин жараксыз деп таануу жөнүндө административдик доогерлерге;

2) доогерге оорчулук келтирүүчү административдик актыны кабыл албоого же башка аракеттерди жасабоого административдик органдын милдеттери жөнүндө административдик доогерлерге;

3) административдик актыны кабыл алууга же белгилүү бир аракетти жасоого административдик органдын милдети жөнүндө административдик доогерлерге;

4) административдик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын мыйзамга караштуу ченемдик укуктук актысын жараксыз деп таануу жөнүндө административдик доогерлерге;

5) административдик органдын күчүн жоготкон административдик актысын мыйзамсыз деп таануу жөнүндө административдик доогерлерге.

3. Ушул берененин 4-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарга квалификациялуу юридикалык жардам алардын кирешеси республикалык бюджет жөнүндө мыйзамда жыл сайын белгиленүүчү минималдуу эмгек акынын 60 эсе өлчөмүнөн ашпаган шартта берилет. Кирешенин өлчөмү квалификациялуу юридикалык жардамга кайрылганга чейинки 12 айлык мезгил үчүн эсептелет.

4. Кирешеси эсепке алынбастан квалификациялуу юридикалык жардам төмөнкүлөргө берилет:

1) I жана II топтогу майыптыгы бар адамдарга;

2) Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана аларга теңештирилген адамдарга;

3) турмуштук оор кырдаалга дуушар болгон балдарга, ошондой эле процесстик мыйзамдарга ылайык толук процесстик аракетке жөндөмдүү балдарга;

4) багуусунда бала/балдар бар жалгыз бой адамдарга;

5) мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларына;

6) мамлекеттик социалдык стационардык мекемелерде жашап турган кары-картаңдарга;

7) жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү жарандарга;

8) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга;

8-1) кайрылман статусун берүү маселеси боюнча кайрылман статусун берүү жөнүндө өтүнүч берген адамдарга;

8-2) качкын статусун берүү маселеси боюнча качкын деп таануу жөнүндө өтүнүч менен кайрылган адамдарга;

8-3) жарандыгы жок адам статусун берүү маселеси боюнча жарандыгы жок адам деп таануу жөнүндө өтүнүч менен кайрылган адамдарга;

8-4) аргасыз жер которуу статусун берүү маселелери боюнча аргасыз жер которгондорго;

9) процесстик мыйзамдарда каралган башка учурларда.

5. Административдик доогердин статусун аныктаганга чейин жана квалификациялуу юридикалык жардам алуу үчүн мамлекеттин эсебинен квалификациялуу юридикалык жардам алууга укугу бар жарандарга оозеки жана/же жазуу жүзүндөгү укуктук консультация берүү жүзөгө ашырылат жана алар үчүн арыздар, даттануулар, өтүнүчтөр жана процесстик мүнөздөгү башка документтер түзүлөт.

(КР 2024-жылдын 27-февралындагы N 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

16-берене. Кылмыш-жаза, жарандык, административдик сот өндүрүшүндө жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча арыз ээсинин укуктары жана милдеттери

1. Арыз ээси төмөнкүлөргө укуктуу:

1) ушул Мыйзамда каралган тартипте квалификациялуу юридикалык жардам берүү тууралуу өз кызыкчылыгында же жакын тууганынын кызыкчылыгында координатордун атына арыз менен кайрылууга;

2) өзүнүн укуктары жана милдеттери жөнүндө, ошондой эле квалификациялуу юридикалык жардам берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө толук маалыматты жазуу же оозеки жүзүндө алууга;

3) квалификациялуу юридикалык жардам берүүнү канааттандыруу же андан баш тартуу жөнүндө жазуу жүзүндө чечимди алууга;

4) квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүдө купуялыкка;

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте квалификациялуу юридикалык жардам берүү үчүн жооптуу адамдардын аракеттерине (аракетсиздигине), чечимине даттанууга.

2. Арыз ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) квалификациялуу юридикалык жардам берүү жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн негиз болуп саналган ишенимдүү жана зарыл маалыматты өз учурунда берүүгө;

2) арыз берүүгө байланыштуу иш боюнча адвокаттын бар экендиги жөнүндө маалыматты өз учурунда берүүгө.

(КР 2024-жылдын 27-февралындагы N 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

17-берене. Кылмыш-жаза, жарандык, административдик сот өндүрүшүндө жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча квалификациялуу юридикалык жардам алуучунун укуктары жана милдеттери

1. Алуучу төмөнкүлөргө укуктуу:

1) квалификациялуу юридикалык жардамды өз учурунда алууга;

2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте квалификациялуу юридикалык жардам берүү үчүн жооптуу адамдардын аракеттерине (аракетсиздигине), чечимине даттанууга;

3) квалификациялуу юридикалык жардам алуудан баш тартууга;

4) квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүдө купуялыкка.

2. Алуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) квалификациялуу юридикалык жардамды берүүнүн шарттарына таасир этүүчү жагдайлардын өзгөрүшү жөнүндө өз учурунда билдирүүгө;

2) квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүгө негиз болуучу ишенимдүү жана зарыл маалыматты өз учурунда берүүгө;

3) ушул Мыйзамга ылайык материалдык жана (же) социалдык абал жөнүндө берилген маалыматтардын анык эместиги аныкталган учурда, квалификациялуу юридикалык жардамды жүзөгө ашырууда пайда болгон чыгымдардын ордун толтурууга.

(КР 2024-жылдын 27-февралындагы N 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

18-берене. Квалификациялуу юридикалык жардам алууга адамдын укугун ырастоо тартиби

1. Адамдын квалификациялуу юридикалык жардам алуу укугун ырастаган документтеринин тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

2. Координатор арыз ээсинин жана/же алуучунун кирешесинин деңгээлин ырастоо үчүн суроо-талапты арыз түшкөн учурдан тартып 3 күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдарына, салык органдарына, башка уюмдарга жана мекемелерге жиберет.

3. Суратылып жаткан маалымат координаторго акысыз негизде 10 жумуш күндүн ичинде берилет. Суралган маалымат берилбегенде жана/же өз учурунда берилбегенде кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

19-берене. Адвокат квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүнүн субъекти катары

1. Адвокаттар ушул Мыйзамда, адвокаттык ишти жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган учурларда жана тартипте квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтөт.

2. Реестрге киргизилген адвокаттар кылмыш-жаза иштери, жарандык жана административдик иштер боюнча укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтөт.

3. Адвокатты тандап алуу мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү тутумуна катышып жаткан адвокаттарды тандоо критерийлерине ылайык жүзөгө ашырылат.

4. Ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү адвокат менен квалификациялуу юридикалык жардамды көрсөтүү жөнүндө келишимди түзөт. Кылмыш-жаза, жарандык, административдик иштер жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча квалификациялуу юридикалык жардамды көрсөтүүнүн сапат стандарттары келишимдин ажыратылгыс бөлүгү болуп саналат.

Квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүнүн сапат стандарттары ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү тарабынан бекитилет.

(КР 2024-жылдын 27-февралындагы N 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

20-берене. Квалификациялуу юридикалык жардамды көрсөтүүгө катышкан адвокаттын укуктары жана милдеттери

1. Адвокат төмөнкүлөргө укуктуу:

1) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы тарабынан кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалымат алууга;

2) көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардам үчүн мамлекеттик бюджеттен белгиленген тартипте жана мөөнөттө акы алууга;

3) ыйгарым укуктуу органга, ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмүнө, сотко арыздар жана даттануулар менен кайрылууга;

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарга.

2. Адвокат бир эле иш боюнча көрсөткөн квалификациялуу юридикалык жардам үчүн мамлекеттик бюджетти копшогондо, башка булактардан акчалай сый акыга укугу жок.

3. Адвокат төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) квалификациялуу юридикалык жардамды өз учурунда көрсөтүүгө;

2) квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүнүн сапат стандарттарын сактоого;

3) купуялыкты сактоого;

4) алуучуга анын укуктары жана милдеттери, квалификациялуу юридикалык жардам алуунун шарттары жана тартиби жөнүндө толук маалымат берүүгө;

5) ага өткөрүп берилген иштин негизинде же ага байланыштуу аткарылган бардык аракеттердин жазуу жүзүндөгү далилдерин сактоого, адвокаттык досьени, регистрди жана адвокаттын отчетун жүргүзүү тартибине жана формасына ылайык адвокаттык досьени жана регистрди жүргүзүүгө;

6) адвокаттык досьени, регистрди жана адвокаттын отчетун жүргүзүүнүн тартибине жана формасына ылайык ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмүнүн координаторуна регистрди жана отчетту берүүгө.

21-берене. Кылмыш-жаза, жарандык, административдик сот өндүрүшүндө жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүчү адвокаттын ыйгарым укуктарын тариздөө

1. Адвокат кылмыш-жаза сот өндүрүшүндө жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча координатордун чечиминин жана ордердин негизинде квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтөт.

2. Адвокат жарандык же административдик сот өндүрүшүндө координатордун чечиминин жана ордердин негизинде квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтөт. Квалификациялуу юридикалык жардам алуучу процесстик документтерге кол коет жана адвокат менен биргеликте соттук отурумдарга катышат.

3. Эгерде квалификациялуу юридикалык жардам алуучу жарандык же административдик сот өндүрүшүндө ден соолугунун абалы боюнча сот отурумдарына катыша албаган учурларда, адвокаттын ыйгарым укуктары алуучу берген, нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат аркылуу таризделет.

4. Адвокат Ордерлерди берүү жана эсебин алуу тартибине ылайык ордерлердин эсебин жана чыгымын так отчеттуулуктагы бланктар сыяктуу эле жүргүзөт.

(КР 2024-жылдын 27-февралындагы N 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

22-берене. Кылмыш-жаза, жарандык, административдик сот өндүрүшүндө жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча квалификациялуу юридикалык жардамга жетүүнү жүзөгө ашыруу тартиби

1. Арыз ээси ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмүнө арыз менен кайрылууга укуктуу.

2. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүндө жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча:

1) координатор квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүгө арыз алгандан кийин тез арада графикке ылайык, адвокаттын ишинин көлөмүн жана адистешкендигин эске алуу менен реестрге киргизилген адвокатты дайындайт;

2) кылмыш же укук бузуу жасоого шектелгендиги боюнча кармалган адамга кылмыш куугунтуктоо органы тарабынан иш жүзүндө кармалган учурдан тартып координатор түзгөн жана бекиткен, мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү боюнча адвокаттардын кезметинин графиги боюнча адвокат камсыздалат;

3) кылмыш-жаза-процессуалдык мыйзамдарда каралган учурларда тергөөчүнүн, прокурордун токтомунун жана соттун аныктамасынын негизинде реестрден адвокат камсыздалат.

3. Жарандык жана административдик сот өндүрүшүндө координатор квалификациялуу юридикалык жардам берүүгө арызды алгандан жана алуучунун статусун текшергенден кийин графикке ылайык, адвокаттын ишинин көлөмүн жана адистешкендигин эске алуу менен жарандык жана административдик сот өндүрүшүндөгү реестрден адвокатты дайындайт.

Жарандык процесстик мыйзамдарда каралган учурларда соттун аныктамасынын негизинде реестрден адвокат камсыздалат.

4. Координатордун адвокатты дайындоо жөнүндө чечими болмоюнча кылмыш-жаза, жарандык, административдик сот өндүрүшүндөгү жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча реестрге киргизилген адвокаттын катышуусуна жол берилбейт.

(КР 2024-жылдын 27-февралындагы N 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

23-берене. Юридикалык жардамга эрте жетүүгө укук

1. Кылмыш-жаза кылмышын же укук бузуу жасады деп кармалган, шектелип жаткан же айыпталып жаткан адам мамлекет кепилдеген юридикалык жардамга укугу жөнүндө, мындай жардамды алуу тартиби, бул укуктан баш тартуунун кесепети жөнүндө тез арада маалымдалышы керек.

2. Алуучунун мамлекеттин эсебинен квалификациялуу юридикалык жардам алуудан баш тартуусу же макул болуусу жазуу жүзүндө таризделүүгө тийиш.

24-берене. Адвокатты алмаштыруу

Адвокат координатордун чечими боюнча төмөнкүдөй учурларда алмаштырылат:

1) квалификациялуу юридикалык жардам алуучудан мурдагы адвокаттын кызмат көрсөтүүсүнөн баш тартуу же адвокатты алмаштыруу жөнүндө жазуу жүзүндө жүйөлөштүрүлгөн арыз келип түшкөндө;

2) адвокат ооруп калганда жана квалификациялуу юридикалык жардам алуучунун макулдугу болгон шартта;

3) адвокат Бишкек шаарын кошпогондо, бир райондон экинчи районго которулганда;

4) иш боюнча кызыкчылыктардын кагылышуусу аныкталганда;

5) адвокат квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүдөн убактылуу четтетилгенде;

6) адвокат реестрден чыгарылганда;

7) квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө келишимдин колдонулушу убактылуу токтотулганда же бузулганда.";

8) адвокаттык лицензия убактылуу токтотулганда же андан ажыратылганда.

(КР 2024-жылдын 27-февралындагы N 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

25-берене. Квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө келишимди токтотуп туруу жана адвокатты реестрден чыгаруу үчүн негиздер

1. Квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө келишимдин колдонулушу ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү тарабынан төмөнкүдөй учурларда токтотулуп турушу мүмкүн:

1) адвокат жүйөлөнгөн арыз бергенде;

2) адвокатка карата сотко чейинки өндүрүш болгондо;

3) адвокат адвокаттык иш менен алектенүү лицензиясынын колдонулушун токтотуп турганда;

4) көрсөтүлүүчү юридикалык жардамдын сапатына даттануу болгондо, мыйзамдардын талаптарын жана кесиптик этиканын ченемдерин сактабаганда.

2. Адвокат ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү тарабынан төмөнкү учурларда реестрден чыгарылат:

1) адвокат арыз бергенде;

2) квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө келишим бузулганда;

3) адвокат адвокаттык ишти жүргүзүү укугунан ажыратылганда;

4) адвокат каза болгондо.

3. (КР 2024-жылдын 27-февралындагы N 58 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2024-жылдын 27-февралындагы N 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

26-берене. Квалификациялуу юридикалык жардамды токтотуу

1. Квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү төмөнкүдөй учурларда токтотулат:

1) алуучу квалификациялуу юридикалык жардам алуу үчүн анык эмес маалымат берилгенде;

2) алуучунун квалификациялуу юридикалык жардам алуу укугун жокко чыгаруучу финансылык абалы өзгөргөндө;

3) алуучу квалификациялуу юридикалык жардамдан жазуу түрүндө баш тартканда;

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык адвокаттардын катышуусу милдеттүү болгон учурларды кошпогондо, алуучу адвокат менен кызматташуудан баш тартканда же ишти чечүү үчүн мааниге ээ маалыматты же документтерди берүүдөн баш тартканда;

5) макулдашуу боюнча адвокат болгондо.

2. Квалификациялуу юридикалык жардамды токтотуу жөнүндө чечим административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте, андан кийин соттук тартипте даттанылышы мүмкүн.

27-берене. Квалификациялуу юридикалык жардам берүүдөн баш тартуу үчүн негиздер

1. Кылмыш-жаза иштери боюнча квалификациялуу юридикалык жардам берүүдөн баш тартуу үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр саналат:

1) квалификациялуу юридикалык жардам алуу үчүн арыз берүүчүнүн кирешесинин өлчөмү ушул Мыйзамда белгиленген кирешенин деңгээлинен ашса;

2) адам ушул Мыйзамдын 13-беренесинде көрсөтүлгөн адамдардын категориясына ылайык келбесе;

3) макулдашуу боюнча адвокаты бар болсо.

2. Укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча квалификациялуу юридикалык жардам берүүдөн баш тартуунун негиздери:

1) квалификациялуу юридикалык жардам алуу үчүн арыз берүүчүнүн кирешесинин ушул Мыйзамда белгиленген деңгээлинен ашса;

2) адам ушул Мыйзамдын 13-1-беренесинде көрсөтүлгөн адамдардын категориясына ылайык келбесе;

3) макулдашуу боюнча адвокаты бар болсо.

3. Жарандык жана административдик иштер боюнча квалификациялуу юридикалык жардам берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:

1) адам ушул Мыйзамдын 14 жана 15-беренелеринде көрсөтүлгөн адамдардын категориясына ылайык келбесе;

2) адам квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүгө негиз болуучу анык эмес маалыматты берсе;

3) талаш-тартышты чечүүнүн сотко чейинки жол-жобосу сакталбаса;

4) макулдашуу боюнча адвокаты бар болсо;

5) анын кызыкчылыгында прокурор тарабынан сотко арыз берилген адамга карата.

4. Квалификациялуу юридикалык жардам берүүдөн баш тартуу административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте, андан кийин сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.

(КР 2024-жылдын 27-февралындагы N 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

28-берене. Адвокатка карата колдонулуучу таасир этүү чаралары

1. Адвокат тарабынан ушул Мыйзамдын талаптары бузулганда ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү тарабынан төмөнкүдөй таасир этүү чаралары колдонулат:

1) эскертүү;

2) адвокатты квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүдөн 1 айдан 3 айга чейинки мөөнөткө убактылуу четтетүү;

3) бул адвокат менен 1 жылдан эрте эмес жаңы келишим түзүү шарты менен квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө келишимди бузуу.

2. Таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө чечимге адвокат тарабынан административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте, андан кийин соттук тартипте даттанылышы мүмкүн.

(КР 2024-жылдын 27-февралындагы N 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

4-глава. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумун каржылоо тартиби, мониторинг жүргүзүү жана анын сапатын баалоо

29-берене. Мамлекет кепилдеген квалификациялуу юридикалык жардам тутумун каржылоо

1. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумун каржылоо мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан жүзөгө ашырылат.

Квалификациялуу юридикалык жардамды каржылоо мамлекеттик бюджетте өзүнчө сап менен көрсөтүлөт.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети адвокат тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамдын тарифин жана төлөө тартибин бекитет.

Караңыз:

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы N 387 "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында адвокаттар тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамга акы төлөөнүн тарифтерин жана адвокаттар тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамга акы төлөөнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

3. Квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн акы төлөө ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү тарабынан жүзөгө ашырылат.

4. Ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмүнүн жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү боюнча иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан каржыланышы мүмкүн.

30-берене. Квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү менен байланышкан чыгымдарды кайтаруунун жана ордун толтуруунун тартиби

1. Ушул Мыйзамдын 26-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн негиз боюнча квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү токтотулган учурда квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү менен байланышкан бардык чыгымдар алуучудан өндүрүп алынат.

2. Адам адвокат көрсөткөн квалификациялуу юридикалык жардам менен байланышкан чыгымдардын ордун толтуруудан баш тарткан учурда мамлекеттик чыгымдарды соттук тартипте алуучудан өндүрүп алуу үчүн координатор прокурорго тиешелүү өтүнмөнү жиберет.

30-1-берене. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын сапатына мониторинг жүргүзүү жана баалоо

1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмү мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын сапатын камсыз кылуу үчүн консультациялык-укуктук жана квалификациялуу юридикалык жардамдын сапатына мониторинг жүргүзөт, баалайт.

2. Консультациялык-укуктук жардамдын сапатына мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун тартиби ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.

3. Квалификациялуу юридикалык жардамдын сапатына мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы менен биргеликте иштелип чыгат жана ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү тарабынан бекитилет.

(КР 2024-жылдын 27-февралындагы N 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

5-глава. Корутунду жоболор

31-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 201 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 11, 1178-ст.) күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

1) ушул Мыйзамдын жоболорун ишке ашырууну камсыз кылуучу чараларды көрсүн жана өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;

2) жыл сайын республикалык бюджетти иштеп чыгууда мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумун каржылоо үчүн жетиштүү каражаттарды карасын;

3) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумунун субъекттеринин өз ара аракеттенүү тартибин камсыз кылсын.


Кыргыз Республикасынын Президенти


С.Жапаров




2022-жылдын 30-июнунда


Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган