Доогерлер, жоопкерлер, шектүүлөр, айыпталуучулар, соттолуучулар, соттолгондор, акталгандар, жабырлануучулар, жашы жете элек күбөлөр.
Жылдык кирешесин эске албастан, квалификациялуу юридикалык жардам төмөнкүлөргө берилет:
- - адамдарга кармалган учурларда;
- - өзгөчө оор кылмыш жасады деп шектелгендерге, айыпталычууларга, соттолуучуларга;
- - I жана II топтогу майыптыгы бар даамдарга;
- - психикалык оорудан жабыркаган адамдарга;
- - Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана аларга теңдештирилген адамдарга;
- - жашы жете электерге - алардын кызыкчылыктарында, алардын ата-энелерине (камкорчуларына жана камкордукка алгандарга) - балдардын кызыкчылыктарында;
- - жашы жете элек баланы/балдарды тарбиялап жаткан жалгыз бой энелерге;
- - энеси жок жашы жете элек баланы/балдады тарбиялаган адамдарга балдардын укутарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылууга жана коргоого байланыштуу маселелер боюнча;
- - мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларына;
- - мамлекеттик жатак-үйлөрдө жашаган кары-картаңдарга.