Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасында жарандык жана административдик иштер боюнча квалификациялык юридикалык жардам көрсөтүүчү адвокаттардын иш сапатынын стандарттары

Кыргыз Республикасынын Адвокаттар кеңешинин 2017-жылдын октябрь №19 чечими менен бекитилген

Преамбула

Ушул Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасында жарандык жана административдик иштер боюнча квалификациялык юридикалык жардам көрсөтүүчү адвокаттардын иш сапатынын стандарттары (мындан ары текст боюнча – Стандарттар) Кыргыз Республикасынын «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын Граждандык процессуалдык кодексинин, Кыргыз Республикасынын Административдик-процессуалдык кодексинин, «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Адвокаттардын кесиптик этикасынын кодексинин жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы тарабынан иштелип чыккан.

Стандарттар мамлекет кепилдеген юридикалык жардам (мындан ары текст боюнча – МКЮЖ) системасынын алкагында көрсөтүлүүчү квалификациялык юридикалык жардамдын сапатын жогорулатуу максатында иштелип чыккан жана бекитилген, жарандык/административдик иштер боюнча квалификациялык юридикалык жардам көрсөтүүдө адвокаттын ишине коюлган бирдиктүү талаптарды камтыйт, аларды белгилөө адвокаттын мыйзамдарда тыюу салынбаган башка каражаттарды колдонуусун чектебейт.

Адвокат тарабынан аракеттерди жасоонун иреттүүлүгү жана жетиштүүлүгү ушул Стандарттарга жана жарандык/административдик иштердин конкреттүү жагдайларына ылайык аныкталат.

Стандарттардын жоболору адвокаттардын мыйзам талаптарын аткаруу шарттарында адвокаттын көз карандысыздыгына каршы келүүчү аракеттердин ал тарабынан жасалуусун тапшыруучу же ага жол берүүчү катары түшүндүрбөшү керек.

1. Жалпы жоболор

1. Адвокат Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбордун координатору (мындан ары – Борбордун координатору) тарабынан Квалификациялык юридикалык жардам көрсөтүү боюнча адвокаттардын мамлекеттик реестринен (мындан ары текст боюнча – Реестр) дайындалат.

Кыргыз Республикасынын «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» Мыйзамында көрсөтүлгөн адамдар квалификациялык юридикалык жардам алуучулар болуп саналат.

2. Борбордун координаторунун адвокатты дайындаганы жөнүндө чечимдин жана жарандык же административдик процесстин белгилүү бир стадиясында конкреттүү ишке катышуусу үчүн ага берилген ордер-тапшырманын негизинде адвокат жарандык/административдик ишке киришет.

3. Борбордун координатору тарабынан дайындалган адвокат өзү дайындалган күндөн тартып кийинки күндөн кеч эмес жарандык/административдик ишти жүргүзүүгө киришет.

4. Борбордун координаторунун дайындоо жөнүндө чечимисиз МКЮЖ алуучусунун (мындан ары текст боюнча – алуучу) кызыкчылыктарында жарандык/административдик ишке катышуу адвокатка карата тартип өндүрүшүн козгоо үчүн негиз болот.

5. Адвокат кызыкчылыктардын кагылышы же анын келип чыгышынын тобокелдиги болгон учурларда алуучунун кызыкчылыктарын коргоону ишке ашыра албайт. Адвокат менен алуучунун ортосунда кызыкчылыктардын кагылышы келип чыкканда адвокат бул тууралуу Борбордун координаторуна токтоосуз билдирүүгө милдеттүү.

6. Адвокат өзүн коргоо учурларынан тышкары, эч бир жагдайларда квалификациялык юридикалык жардам көрсөтүү менен байланыштуу ага белгилүү болгон жана адвокаттык сырды түзүүчү маалыматтарды жарыялоого укугу жок.

7. Адвокат жарандык/административдик иштер боюнча Квалификациялык юридикалык жардам көрсөтүү боюнча регистрди (мындан ары текст боюнча – Регистр) жүргүзүүгө милдеттүү. Көрсөтүлгөн квалификациялык юридикалык жардамдын сапаты Регистрдин материалдары менен тастыкталат.

8. Адвокат өзү дайындалган стадиядагы ишти аяктагандан кийин, же болбосо Борбордун координаторунун чечими боюнча ишке өзүнүн катышуусун токтотот. 

Адвокаттын процесстин кийинки стадиясына катышуусу үчүн Борбордун координатору адвокатты дайындоо жөнүндө жаңы чечим чыгарат жана ордер-тапшырма берет.

9. Жарандык/административдик ишке катышуусун токтоткон адвокат Регистрди Борбордун координаторуна Кабыл алуу-өткөрүп берүү акты боюнча өткөрүп берүүгө милдеттүү.

10. Квалификациялык юридикалык жардам көрсөтүү процессинде адвокат жарандык/административдик процесстин стадиясына көз карандысыз түрдө:

  • - алуучуга консультация берет жана ага иш боюнча колдонулуучу процессуалдык укуктарды жана милдеттерди, материалдык жана процессуалдык укуктун ченемдерин түшүндүрөт;
  • - делонун материалдары менен тааныштырууда, доолорду, арыздарды жазууда, доого/арызга каршы пикирди, өтүнүч катты, даттанууларды жана алуучу тарабынан кол коюлушу мүмкүн болгон башка процессуалдык документтерди жазууда алуучуга жардам көрсөтөт;
  • - мыйзамдарда тыюу салынбаган башка каражаттарды жана коргоо ыкмаларын колдонот.

2. Жарандык/административдик ишке киришүү боюнча адвокаттын аракеттерине коюлган минималдуу талаптар

11. Процесстин кайсы болбосун стадиясында жарандык/административдик ишке киришүү менен адвокат алуучу менен жолугууга жана алуучунун көйгөйүн жана максаттарын түшүнүү (ал жетише турган натыйжалар, каалагандай кырдаалды көрө билүүсү), иш боюнча жагдайлар жана далилдер жөнүндө маалыматты алуу, ишеним көрсөтүүгө жана өз ара түшүнүшүүгө жетишүү максатында аны менен алгачкы маектешүүнү жүргүзүү керек.

12. Алуучу менен интервью жүргүзүүдө (биринчи маектешүүдө) адвокат ишке тиешеси болушу мүмкүн болгон бардык нерселерди аныктайт жана тактайт (окуянын катышуучулары тууралуу маалыматтар, мүмкүн болгон далилдер жөнүндө маалымат, алуучу тарабынан көрүлгөн аракеттер, кайрылуулар жана алардын натыйжалары тууралуу маалымат).

13. Интервью жүргүзүүдөн кийин адвокат иштин анык жагдайына талдоо жүргүзүүгө жана жарандык/административдик иш боюнча төмөнкү аракеттер менен чектелбестен, аларды кошо алганда, тиешелүү позицияны иштеп чыгууга киришет:

  • - алынган маалыматты системалаштыруу;
  • - алуучунун укуктук мамилелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды иликтөө;
  • - алуучунун маселесине окшош маселелер боюнча сот практикасын иликтөө;
  • - талаш жараткан укуктук мамилелерди укуктук квалификациялоо;
  • - алардын катыштыгы, жол берилгендиги жана аныктыгы позициясынан алуучунун талаптарын негиздеген далилдерди системалаштыруу;
  • - алуучунун жана адвокаттын аракеттерин бөлүп көрсөтүү жана ишке катышууга адистерди, эксперттерди, котормочуларды, күбөлөрдү тартуу жөнүндө маселени чечүү менен аракеттер планын иштеп чыгуу.

14. Жарандык/административдик ишке талдоо жүргүзгөндөн кийин адвокатка иш боюнча варианттуу позицияларды алуучуга сунуш кылуусу жана алардын ар бирин ишке ашыруунун укуктук кесепеттерин, позициялардын ар бирин ишке ашыруу үчүн алуучу жана/же адвокат жасоого зарыл болгон процессуалдык жана анык аракеттердин көлөмүн түшүндүрүү, сунушталган позициялардын ар бирин коштой турган чыгымдардын, сарптоолордун жана тобокелдиктердин өлчөмүн сыпаттоосу зарыл.

15. Алуучу иш боюнча тиешелүү позицияны тандагандан кийин адвокат ал позицияны ишке ашырууга багытталган, бардык зарыл болгон даярдык көрүү аракеттерин аткаруусу, анын ичинде процессуалдык документтердин долбоорлорун даярдоосу, далилдердин болуусун текшерүүсү, далилдөө процессин ойлонуштуруусу жана позицияны ишке ашырууга багытталган башка анык жана юридикалык аракеттерди жасашы керек.

16. Адвокат бул стадияда жарандык/административдик иштин соттук келечегине жана бул ишке байланышкан, анын ичинде финансылык тобокелдиктерге баа берүүгө тийиш. Жарандык/административдик иште соттук келечектин иш жүзүндө жок болушунда, алуучунун өзү үчүн соттук териштирүүнүн келечексиздигин билүү жана түшүнүү менен кайсы бир башка себептер боюнча ишти сотко чейин жеткирүүгө бекем турган учурда, адвокат мындай тапшырма үчүн ал ишке киришүүгө укуктуу. Бул учурда адвокат алуучунун жазуу жүзүндөгү тастыктоосун алуусу зарыл.

3. Жарандык/административдик иш боюнча сотко чейинки стадияда адвокаттын аракеттерине коюлган минималдуу талаптар 

17. Адвокат фактылар жана далилдерди тандоо, изилдөө, аларга баа берүү боюнча иш аткарылгандан кийин, укуктук позицияны тактагандан кийин алуучу менен жолугушууга жана сотто ишти жүргүзүүнүн стратегиясын талкуулоого тийиш.

Жарандык/административдик иш боюнча адвокаттын укуктук позициясы коргоп жаткан кызыкчылыктардын мыйзамдуулугуна, алуучунун жана адвокаттын позициясынын каршы келбестигине, алуучунун адвокаттын укуктук позициясы тууралуу маалымдалуусуна жана аны менен макул болуусуна туура келүүгө тийиш.

18. Соттук териштирүүгө даярдык көрүүдө адвокат сотко чейинки териштирүүнүн чараларын жана тартибин сактоону билүүгө, доонун предметин жана негиздемесин аныктоого, билдирилген талаптарды же болбосо каршы пикирди тастыктоо үчүн зарыл болгон, бул иш боюнча далилдөөнүн предметин жана чектерин так белгилөөгө тийиш.

19. Адвокат алуучуга жарандык/административдик иштеги анын статусун жана тараптардын элдешүүсү менен (сүйлөшүүлөр, медиация) талашты жөнгө салуу мүмкүндүгүн түшүндүрүп берүүгө тийиш.

4. Сотто адвокаттын аракеттерине коюлган минималдуу талаптар

20. Адвокат бардык соттук отурумдарга түздөн-түз катышууга милдеттүү.

21. Адвокат жарандык/административдик иштин бардык материалдары менен толук көлөмдө таанышууга милдеттүү. Сотко чейинки стадияда ал жарандык/административдик ишке катышпаган адвокат алуучуга жолугушууга, аны менен алгачкы маектешүү өткөрүүгө, андан кийин бул Стандарттар менен белгиленген жарандык/административдик ишке киришүү стадиясында адвокат үчүн каралган иш-чаралардын комплексин ишке ашырууга тийиш.

22. Бул стадияда, зарыл болгондо, Кыргыз Республикасынын процессуалдык мыйзамдары тарабынан коюлуучу талаптарга ылайык процессуалдык документтерди жана аларга тиркемелерди берүүнү түзөт жана аларды камсыз кылат.

23. Адвокат иш боюнча бардык болгон далилдердин сот тарабынан ар тараптуу жана толук көлөмдө изилденишин көзөмөлдөөгө тийиш. Сот тарабынан бул талаптар бузулган учурда, адвокат бул тууралуу жазуу жүзүндөгү билдирүү жасоого тийиш (каршы чыгууну билдирүү, төрагалык кылуучунун аракеттерине протокол астында каршы пикир айтуу жолу менен же мыйзамдарда жол берилген башка аракеттер менен).

24. Адвокат жарыш сөздөргө катышууга жана соттук актыны жарыялоодо болууга милдеттүү.

5. Апелляциялык жана кассациялык инстанцияларда соттук актыларды кайра карап чыгууда сотто адвокаттын аракеттерине коюлган минималдуу талаптар

25. Адвокат мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө соттук актыны алууга милдеттүү.

26. Адвокат алуучу менен жолугууга, ага соттук актынын маңызын түшүндүрүүгө, апелляциялык/кассациялык тартипте соттук актыга даттануунун зарылдыгын жана мүмкүндүгүн талкуулоого тийиш. Адвокат, чыгарылган чечимдин кайра кароонун мүмкүн болгон жолдору жөнүндө маселени алуучу менен талкуулоодо иштин жагдайларын кылдат иликтөөгө, соттук актыларда айтылган соттордун, кайра карап чыгууга тийиш болгон дооматтарына талдоо жүргүзүүгө, аларды карап чыгуу үчүн негиздердин болушун же жоктугун белгилөөгө тийиш.

Адвокат жана алуучу апелляциялык/кассациялык тартипте соттук актыга даттануунун зарылдыгы жана мүмкүндүгү жөнүндө тыянакка келген учурда, адвокат апелляциялык/кассациялык арызды түзүүгө жана аны алуучуга тапшырышы керек.

27. Апелляциялык/кассациялык даттанууда (даттанууга каршы пикирлер), ошондой эле жогоруда аталган инстанциялардыга сөз сүйлөөлөрдө алуучунун позициясы, анын талаптары так жана түшүнүктүү болууга тийиш.

6. Жарандык жана административдик иштер боюнча соттук актыларды аткаруу стадиясында адвокаттын аракеттерине коюлган минималдуу талаптар

28. Адвокат Кыргыз Республикасынын Граждандык-процессуалдык кодексинде, Кыргыз Республикасынын Администрациялык-процессуалдык кодексинде жана аткаруучулук өндүрүш тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, жарандык жана административдик иштер боюнча соттук актыларды аткаруу стадиясында алуучуларга квалификациялык юридикалык жардам көрсөтүүгө милдеттүү.