Укуктук кеңешти кимдер ала алат?

Консультациялык-укуктук жардам алууга төмөнкүлөр укуктуу:

  • - Кыргыз Республикасынын жарандары;
  • - чет өлкөлүк жарандар;
  • - жарандыгы жок адамдар;
  • - качкындар.

Борборлордун консультанттары сиздерге укугунуздар жана милдетиңиздер, соттук жана соттон тышкаркы тартипте укуктарды ишке ашыруу жана колдонуу ыкмалары тууралуу маалымат берип, укуктук мүнөздөгү документтерди түзүүгө жардам берет.


Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борборлоруна кандай суроолор менен кайрылса болот?


- социалдык жөлөкпулдарды, пенсияларды тариздөө
- турак жай боюнча маселелер
- камкорчулук, аталык, үй-бүлөдөгү зомбулук
- мурас боюнча талаш-тартыштар
- керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо
- эмгектик укук мамилелери
- административдик укук бузуулар
- жол-транспорттук кырсыктар
- менчик укугун коргоо
- укуктук документтерди түзүү
- никени бузуу, алименттер
- миграциялык проблемалар
- жер талаш-тартыштары
- камсыздандыруу учурлары
- карыздарды өндүрүү
- башка укуктук маселелер