Квалификациялуу юридикалык жардам кимдерге көрсөтүлөт?

Доогерлер, жоопкерлер, шектүүлөр, айыпталуучулар, соттолуучулар, соттолгондор, акталгандар, жабырлануучулар, жашы жете элек күбөлөр.

Жылдык кирешесин эске албастан, квалификациялуу юридикалык жардам төмөнкүлөргө берилет:

  • - адамдарга кармалган учурларда;
  • - өзгөчө оор кылмыш жасады деп шектелгендерге, айыпталычууларга, соттолуучуларга;
  • - I жана II топтогу майыптыгы бар даамдарга;
  • - психикалык оорудан жабыркаган адамдарга;
  • - Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана аларга теңдештирилген адамдарга;
  • - жашы жете электерге - алардын кызыкчылыктарында, алардын ата-энелерине (камкорчуларына жана камкордукка алгандарга) - балдардын кызыкчылыктарында;
  • - жашы жете элек баланы/балдарды тарбиялап жаткан жалгыз бой энелерге;
  • - энеси жок жашы жете элек баланы/балдады тарбиялаган адамдарга балдардын укутарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылууга жана коргоого байланыштуу маселелер боюнча;
  • - мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларына;
  • - мамлекеттик жатак-үйлөрдө жашаган кары-картаңдарга.