Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбор жөнүндө ЖОБО

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы № 314 токтому мененбекитилген

1. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбор (мындан ары - Борбор) "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзүлгөн жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүнүшү болуп саналат.

2. Борбор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Министрликтин чечимдерин, Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат. 

3. Борбор мекеменин уюштуруучулук-укуктук формасында иш алып барган өз алдынча юридикалык жак болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, банктык мекемелерде өз алдынча эсеби бар.

4. Борбор өзүнүн компетенциясына кирген функцияларды өз алдынча ишке ашырат. Борбордун ишин Министрлик контролдойт.

5. Борбордун ишинин жыйынтыктары Министрликтин коллегиясында талкууланат. Борбордун иши жөнүндө отчет Министрликтин расмий сайтында жарыяланат.

6. Борбордун юридикалык дареги - Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, М.Ганди көчөсү, 32.

2. Борбордун максаттары жана милдеттери

7. Борбор мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды берүү боюнча жана мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын жана жарандык коомдун институттарынын ортосундагы өз ара аракеттенүү боюнча процессти координациялоо максатында түзүлгөн.

8. Борбордун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

  • 1) мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды берүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатын ишке ашыруу;
  • 2) мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды берүү системасын өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
  • 3) "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруунун жүрүшүндө квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү боюнча практиканы жалпылоо;
  • 4) мамлекет кепилдеген юридикалык жардамга муктаж болгон адамдардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого көмөктөшүү;
  • 5) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы, башка уюмдар жана жактар менен мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды берүү маселелери боюнча өз ара аракеттенүү;
  • 6) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана жарандык коомдун башка институттары менен биргеликте жарандардын укуктук маданиятын жана укуктук аң-сезимин өнүктүрүүгө, калкты укуктук агартууга көмөктөшүү.

3. Борбордун функциялары

9. Жүктөлгөн милдеттерге ылайык Борбор төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:

  • 1) Кыргыз Республикасынын муктаж болгон жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга жана качкындарга квалификациялуу юридикалык жардам берүүгө көмөктөшөт;
  • 2) келип түшкөн суроо-талаптарга ылайык адвокаттарды дайындайт;
  • 3) мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды берүү системасына катышкан адвокаттар менен квалификациялуу юридикалык жардам берүү жөнүндө келишимдерди түзөт;
  • 4) мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды берүү системасына катышкан адвокаттардын тизмесин аймактар боюнча сот органдарына, прокуратура органдарына, укук коргоо органдарына, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасына жөнөтөт;
  • 5) Борбор менен адвокаттын ортосунда түзүлгөн келишимде көрсөтүлгөн документтерди берүү менен координаторлордон жана адвокаттардан маалыматтарды текшерүү, мониторинг жүргүзүү, талап кылуу, юридикалык жардамды алуучуларды ж.б. анкетирлөө аркылуу адвокаттар арабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамдын сапатын баалайт;
  • 6) квалификациялуу юридикалык жардамды көрсөткөндүгү үчүн адвокатка акы төлөйт;
  • 7) адвокатка төлөнгөн акынын негиздүүлүгүн контролдойт;
  • 8) адвокат тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардам боюнча алуучулардын даттанууларын карайт;
  • 9) адвокатка карата анын кесиптик этиканын эрежелерин бузгандыгы жөнүндө даттануу түшкөн учурда даттанууну, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасына жөнөтөт;
  • 10) көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардам боюнча кварталдык жана жылдык аналитикалык отчетторду түзөт жана аларды Министрликтин коллегиясынын, Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна берет жана Министрликтин сайтына жарыялайт;
  • 11) квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүнү каржылоо боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
  • 12) квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү үчүн бөлүнгөн финансы каражаттарынын пайдаланылганы жөнүндө ар кварталдык отчетторду иштеп чыгат жана Министрликке берет;
  • 13) жарандарды, чет өлкөлүк жарандарды, жарандыгы жок адамдарды жана качкындарды мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды берүү системасынын иштеши жөнүндө маалымдоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана ишке ашырат;
  • 14) Кыргыз Республикасында мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды берүүчү уюмдарга жана адвокаттарга методикалык жана уюштуруучулук колдоо көрсөтөт;
  • 15) Министрликтин аймактык бөлүнүштөрүнүн алдындагы акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча борборлордун ишин жалпы координациялоону ишке ашырат;
  • 16) мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды берүү маселелери менен алектенген ЖОЖдор, эл аралык, коммерциялык эмес уюмдар менен өз ара аракеттенет;
  • 17) мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды берүү маселелери боюнча конференцияларды, семинарларды, тренингдерди уюштурат жана өткөрөт, мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды берүү маселелери боюнча кызыкдар субъекттер менен координациялык жолугушууларды уюштурат;
  • 18) мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды берүү маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдайт жана аларды Кыргыз Республикасынын Юстиция министрине берет;
  • 19) Борбордун ишинин багыттарын каржылоо үчүн бюджеттен тышкаркы булактарды тартат;
  • 20) мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды берүүдө пайдаланылуучу документтердин формаларын жана бланкаларын иштеп чыгат жана бекитет;
  • 21) Министрликтин аймактык бөлүнүштөрүнүн алдындагы консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү боюнча борборлорго методикалык жана уюштуруучулук колдоо көрсөтөт.

10. Борбор "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык башка функцияларды аткара алат.

11. Борбор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы, сот, укук коргоо органдары, башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды берүү чөйрөсүндө иштеген чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдар менен кызматташат.

4. Борбордун түзүмү

12. Борбордун түзүмү жана штаттык ырааттамасы Кыргыз Республикасынын Юстиция министри тарабынан бекитилет.

13. Борбордун ишин Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор жетектейт.

14. Борбордун директорунун "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык дайындалуучу бир орун басары болот.

15. Борбордун курамына ушул Жобонун негизинде иш алып барган жана мамлекеттик жарандык кызматчы болуп саналган, мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды берүү боюнча координаторлор кирет.

5. Борбордун директорунун ыйгарым укуктары

16. Борбордун директору:

  • 1) Борбордун ишин пландаштырат жана анын аткарылышын камсыздайт, Борборго жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
  • 2) өзүнүн компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарат, Борбордун бардык кызматкерлеринин аткаруусу үчүн милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берет;
  • 3) Борбордун кызматкерлери үчүн зарыл болгон шарттарды, материалдык-техникалык жабдууну камсыз кылат, жабдууларды коопсуз техникалык эксплуатациялоо эрежелеринин сакталышын контролдойт;
  • 4) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы, башка уюмдар жана жактар менен мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды берүү маселелери боюнча өз ара аракеттенет;
  • 5) мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, башка түзүмдөрдө, ошондой эле жарандык коомдун алдында Борбордун кызыкчылыктарын коргойт;
  • 6) Борбордун иши жөнүндө отчетторду даярдайт жана берет;
  • 7) Борбордун ишин жетектөө боюнча башка ыйгарым укуктарды аткарат.

17. Борбордун директору жок учурда анын милдеттерин директордун орун басары аткарат.

6. Борбордун мүлкү

18. Борборго бекитилип берилген мүлк мамлекеттин менчиги болуп эсептелет.

19. Мүлк Борборго ыкчам башкаруу укугунда бекитилип берилет жана анын багытталышына ылайык пайдаланылат.

7. Борборду кайра уюштуруу жана жоюу тартиби

20. Борборду кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган тартипте ишке ашырылат. Кайра уюштуруу ыктыярдуу же мажбурлоо түрүндө жүргүзүлүшү мүмкүн.

21. Борбордун иши Министрликтин, сот органдарынын чечими боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка негиздерде токтотулушу мүмкүн. 

22. Борбордун ишинин токтотулушун каттоо датасы болуп каттоочу орган тарабынан тиешелүү буйрук чыгарылган дата таанылат.

23. Борбордун иши токтотулган учурда анын ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.