Биз жөнүндө

Көрсөтүлгөн күндөн тартып юстиция органдарынын юристтери "Тилектештик автобусу" аркылуу Кыргызстандын Чүй жана Ош облустарынын бардык алыскы жерлеринде калкка акысыз юридикалык жардам көрсөтүп келишет.

Бул долбоор Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү практикасын жана укуктук маалыматты жер-жерлерде кесипкөй Адвокаттардын, мамлекеттик нотариустардын жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин тутумундагы кызматкерлердин арасынан аймактарга автобус түрүндөгү атайын транспорт каражаты менен чыгуу аркылуу жайылтууга багытталган.

Долбоордун максаты баштапкы квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Чүй жана Ош облустарынын айылдык жана алыскы калктуу конуштарына системалуу барып туруу болуп саналат, атап айтканда: оозеки жана жазуу жүзүндөгү консультациялар, сот жана укук коргоо органдарына доо жана башка арыздардын, өтүнүчтөрдүн, даттануулардын долбоорлорун түзүү, ошондой эле тигил же бул чөйрөдөгү мыйзамдарды түшүндүрүү.