Мамлекет кепилдеген квалификациялык юридикалык жардам көрсөтүүгө катышуучу адвокаттарды тандоонун критерийлери жөнүндө жобо

«Бекитилди» Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Адвокаттар кеңешинин 2017-жылдын «20» сентябрындагычечими

1. Ушул Мамлекет кепилдеген квалификациялык юридикалык жардам көрсөтүүгө катышуучу адвокаттарды тандоонун критерийлери жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” Мыйзамынын 30-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Мамлекет кепилдеген квалификациялык юридикалык жардам көрсөтүү боюнча адвокаттардын мамлекеттик реестрин (мындан ары – Адвокаттардын реестри) түзүү максатында иштелип чыккан.

2. Жобо мамлекет кепилдеген квалификациялык юридикалык жардам көрсөтүүгө катышуу үчүн адвокаттарды тандоонун критерийлерин белгилейт.

3. Мамлекет кепилдеген квалификациялык юридикалык жардам көрсөтүүгө адвокаттардын катышуусу Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбор менен өз ара аракеттенишүүчү облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын аймактык адвокатуралары тарабынан камсыз кылынат.

4. Төмөнкүлөр адвокаттарды тандоонун критерийлери болуп саналат: 

  • 1) МКЮЖ боюнча адвокаттардын мамлекеттик реестрине аны киргизүү жөнүндө адвокаттын арызынын болуусу;
  • 2) бир жылдан кем эмес адвокаттык ишинин стажы жөнүндө жана «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине ылайык адвокаттык ишмердүүлүктү ишке ашыруунун тандап алынган уюштуруу-укуктук формасы жөнүндө Аймактык адвокатуранын маалымкатынын болушу;
  • 3) адвокаттык ишмердүүлүктүн акыркы жылы үчүн тартиптик жазанын жоктугу тууралуу маалымкаттын болушу;
  • 4) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүүчү адвокаттар үчүн курстан өткөндүгү жөнүндө сертификаттын болушу.
  • Адистештирилген курстар боюнча адвокаттардын окуу борборунун сертификатынын болушу адвокаттар үчүн артыкчылык болуп саналат.