Консультациялык-укуктук жардамды кантип алса болот?

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбордун 2018-жылдын “19”мартындагы  № 2 буйругуна  № 1 тиркеме

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Аймактык башкармалыктарындагы  Калкка акысыз консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү боюнча борбору тарабынан консультациялык-укуктук жардам көрсөтүүнүн ТАРТИБИ

1. Жалпы жоболор

1. Акысыз консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү боюнча ушул тартип (мындан ары – Тартип) Кыргыз Республикасынын Конституциясына, “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасын иштетүүнү жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгына караштуу Калкка акысыз консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү боюнча борбор (мындан ары – Борбор) тарабынан консультациялык-укуктук жардам көрсөтүүнүн жол-жобосун белгилейт.

2. Борбордо укуктук жардам, укуктук маалымдоо жана укуктук маселелер боюнча консультация берүү, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык органдарга, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдарга арыздарды, кайрылууларды, даттанууларды даярдоо түрүндө көрсөтүлөт.

3. Борбор тарабынан укуктук маалымдоонун негизги ыкмалары болуп төмөнкүлөр саналат:

  • - тиешелүү материалдарды жарыялоо жана жайылтуу, анын ичинде Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбордун ( мындан ары- МКЮЖ КБ) жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайттарында;
  • - кабыл алынган социалдык маанилүү чечимдер, анын ичинде калктын укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына тиешелүү ченемдик укуктук актылар боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
  • - Борборлордун иши тууралуу маалыматты ачыкка чыгаруу.

4. Укуктук маселелер боюнча консультация берүүнүн негизги ыкмалары болуп жарандардын, чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын жана качкындардын оозеки, жазуу жүзүндөгү жана электрондук кайрылууларына консультацияларды берүү саналат.

5. Оозеки, жазуу жүзүндөгү жана электрондук кайрылуулар конституциялык укуктур жардамды каттоо журналына (мындан ары-каттоо журналы) катталууга тийиш, анын формасы МКЮЖ КБнын буйругу менен бекитилет.

6. Укуктук жардам төмөнкүдөй ырааттуулук боюнча көрсөтүлөт:

  • - сурамжылоо (маектешүү);
  • - консультация (консультация берүү).

7. Жарандарды, жарандыгы жок адамдарды жана качкындарды (мындан ары – келүүчүлөр) жеке кабыл алуу Борбордун иш графигине ылайык жүргүзүлөт, ал МКЮЖ КБнын жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайттарына жарыяланат жана аймактык юстиция башкармалыктарынын жана Борбордун маалыматтык стенддерине жайгаштырылат. Жеке кабыл алууда келүүчү өздүгүн тастыктаган документ көрсөтөт. Мындай документти көрсөтпөө келүүчүнүн укуктук жардам алуусун чектебейт.

8. Укуктук жардам консультант-кызматкер тарабынан көрсөтүлөт, ал төмөнкүлөргө жооптуу:

  • - көрсөтүлүүчү укуктук жардамдын сапатына жана толуктугуна;
  • - укуктук жардам көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультант-кызматкерге белгилүү болгон маалыматтын толук купуялуулугун камсыз кылууга;
  • - консультант-кызматкер менен укуктук жардам алуу үчүн кайрылган келүүчүнүн ортосундагы таламдардын кагылышуусуна жол бербөөгө.

Таламдардын кагылышуусу – консультант-кызматкердин жеке кызыкчылыгы консультация берүүнүн тууралыгына жана сапатына таасир этип, аны менен келүүчүнүн укуктары жана кызыкчылыктары бузулган кырдаал.

9. Борбордун жетекчиси Борбордун ишин уюштурууну, укуктук жардам көрсөтүү процессин камсыз кылат, иш графигин түзөт жана келүүчүлөргө укуктук жардам көрсөтүлүшүн жалпы контролдойт.

2. Сурамжылоо (маектешүү) жүргүзүү тартиби

10. Сурамжылоо (маектешүү) – бул келүүчү менен аңгемелешүү, анын жүрүшүндө консультант-кызматкер Борборго кайрылган келүүчүнүн проблемасын аныктайт.

11. Сурамжылоонун (маектешүүнүн) жүрүшүндө консультант-кызматкер токтоосуз оозеки консультацияга өтүшү мүмкүн. Маселе боюнча консультация кошумча даярдыкты талап кылган учурда консультант-кызматкер келүүчүнү кийинки жолу кабыл алуу үчүн убакыт дайындайт, бирок ал келүүчүнүн укуктук проблемасын ыкчам түрдө чечүүнү жана ишти бир консультант-кызматкердин жүргүзүшүн камсыз кылуу үчүн биринчи кабыл алынган учурдан 3 (үч) күндөн кечиктирилбейт.

Келүүчүнүн укуктук проблемасы квалификациялык юридикалык жардамды талап кылса же келүүчүнүн проблемасы укуктук мүнөзгө ээ болбосо, консультант-кызматкер келүүчүнү компетенциясына проблеманы чечүү кирген тиешелүү уюмга жана/же мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жөнөтөт.

12. Келүүчүнү жеке кабыл алууда (жолугушууда) консультант-кызматкер:

  • - өзүн тааныштырууга жана каттоо журналын толтурууга;
  • - Борбордо укуктук жардам көрсөтүү шарттары жана көлөмү тууралуу маалымдоого;
  • - келүүчүнүн жеке маалыматтарынын купуялуулугун жана алар менен иштөө эрежелерин түшүндүрүп берүүгө;
  • - келүүчүгө проблеманы баяндап берүүсүн сунуштоого, кунт коюп угууга жана жазып алууга;
  • - келүүчүнүн проблемасын, анын кызыкчылыктарын жана ал каалап жаткан натыйжаны аныктоого;
  • - маалыматтын мүчүлүштүктөрүн жоюу, толук жана так түшүнүү үчүн проблеманын жагдайлары тууралуу суроолорду берүүгө;
  • - окуялардын хронологиялык ырааттуулугун белгилөөгө, буга чейинки окуяны аныктоого, проблемага тиешеси бар майда-чүйдөлөрдү тактоого;
  • - келүүчүнүн документтери менен таанышууга (алар болсо) жана зарыл болгон учурда алардын көчүрмөсүн алууга;
  • - проблеманы туура түшүнгөндүгүн текшерүү жана тактап алуу максатында келүүчүдөн алынган маалыматты баяндоого;
  • - сурамжылоонун (маектешүүнүн) жыйынтыгын чыгарууга тийиш.

3. Консультация берүү тартиби

13. Консультация берүү – бул укуктук мүнөздөгү маалыматты берүү процесси, ал консультант-кызматкерден келүүчүгө укуктук проблеманы чечүү ыкмаларын сүрөттөйт.

14. Консультация берүүдө консультант-кызматкер:

  • - сурамжылоонун (маектешүүнүн) жүрүшүндө келүүчүдөн алынган маалыматка талдоо жүргүзүүгө;
  • - ченемдик базаны жана укук колдонуу тажрыйбасын изилдеп чыгууга, ал эми зарыл болгон учурда тиешелүү адистен кошумча консультация алууга;
  • - келүүчүнүн проблемасы боюнча кырдаалдын өзгөрүшү, жаңы жана кошумча маалыматтардын келип чыгышы тууралуу суроолорду берүүгө;
  • - келүүчүгө проблеманы чечүү варианттарын түшүндүрүүгө;
  • - келүүчүгө проблеманы чечүүнүн өзү тандаган вариантын түшүндүрүүгө;
  • - зарыл болгон учурда документтердин долбоорун (мамлекеттик жана муниципалдык органдарга, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдарга арыз, кайрылуу, даттануу) даярдоого;
  • - келүүчүнүн укуктук проблемасынын мыйзамдуу чечилишинин маанилүүлүгүн түшүндүрүп берүүгө тийиш.

4. Калктын жазуу жүзүндөгү жана электрондук кайрылууларына консультация берүү тартиби

15. Жазуу жүзүндө кайрылуу болгондо консультант-кызматкер:

  • - жазуу жүзүндө алган маалыматка талдоо жүргүзүүгө;
  • - ченемдик базаны жана укук колдонуу тажрыйбасын изилдеп чыгууга, ал эми зарыл болгон учурда тиешелүү адистен кошумча консультация алууга;
  • - жазуу жүзүндө консультацияны даярдоого, анда проблеманы чечүү варианттарын түшүндүрүүгө тийиш.

16. Кайрылган адам милдеттүү тартипте өзүнүн аты-жөнүн, жооп жөнөтүлө турган почта дарегин көрсөтүп, укуктук проблеманын маңызын баяндап, өздүк колтамгасын жана датаны койгон учурда жазуу жүзүндө консультация берилет.

17. Электрондук кайрылууларга консультация берүү тартиби жазуу жүзүндөгү консультациялар үчүн каралган түрдөгүдөй эле жүргүзүлөт.

18. Борбор төмөнкүдөй жазуу жүзүндөгү жана электрондук кайрылууларды карабайт:

  • - уят жана мазактаган сөздөрдү, ошондой эле учурдагы мамлекеттик түзүлүштү кыйратууга жана улуттар аралык жана конфессиялар аралык чыр-чатактарды чыгарууга чакырыктарды камтыган учурда;
  • - кайрылган адамдын өздүк жана байланыш маалыматтары жок болгон учурда.

19. Бардык жазуу жүзүндөгү жана электрондук кайрылуулар аларга жооптордун көчүрмөлөрү менен тиешелүү аймактык юстиция башкармалыгынын архивине сактоого өткөрүлүп берилүүгө тийиш.