КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 10-августу № 91
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Жөнгө салуунун максаты, предмети жана колдонуу чөйрөсү
1. Ушул Мыйзамдын максаты сот адилеттигине жетүүгө адамдардын укуктарын ишке ашыруу, адилеттүү соттук териштирүүнү камсыз кылуу жана алда канча натыйжалуу, адилеттүү, отчет берүүчү жана укуктун үстөмдүгүнө жана адамдын негизги укуктарын коргоого негизделген сот адилеттигин жүргүзүү тутумун түзүү болуп саналат.
2. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды берүүгө байланыштуу келип чыккан коомдук мамилелер болуп саналат.
3. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга жана ушул Мыйзамда каралган учурларда жана тартипте мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды алууга муктаж болгон качкындарга жайылтылат жана мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын уюштуруу-укуктук, социалдык-экономикалык, финансылык, маалыматтык, контролдук жана башка негиздерин аныктайт, ошондой эле мамлекет кепилдеген юридикалык жардам чөйрөсүндөгү саясатты координациялоо жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмүнүн укуктук статусун жана ыйгарым укуктарын белгилейт.
2-берене. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө мыйзамдар
Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизденет, ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.
3-берене. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын принциптери
Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын принциптери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) мыйзамдуулук;
2) мамлекет кепилдеген юридикалык жардамга муктаж болгон жеке адамдардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо;
3) мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын жеткиликтүүлүгү жана сапаты;
4) мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүүдөгү купуялык;
5) юридикалык жардам көрсөтүүнүн жана мыйзамдардын талаптарын жана кесиптик этиканын ченемдерин сактоонун сапатына мамлекеттик контролдун натыйжалуулугу;
6) басмырлабоо;
7) баланын кызыкчылыктарын өтө жакшы камсыз кылуу.
4-берене. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын тутуму жана түрлөрү
1. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутуму - мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, башка уюмдар жана адамдар тарабынан мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын ушул Мыйзамга ылайык берилишин жана көрсөтүлүшүн уюштуруу тутуму.
Алардын өз ара аракеттенүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
2. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам консультациялык-укуктук жана квалификациялуу юридикалык жардам түрүндө көрсөтүлөт.
3. Консультациялык-укуктук жардам - Кыргыз Республикасынын укуктук тутуму, укук субъекттеринин укуктары жана милдеттери, укуктарды соттук жана соттон тышкаркы тартипте ишке ашыруу жана пайдалануу ыкмалары жөнүндө маалымдоо; укуктук маселелер боюнча консультацияларды берүү; укуктук мүнөздөгү документтерди түзүүгө жардамдашуу; адамдын квалификациялуу юридикалык жардамга жетүүсүн камсыз кылууга жардам көрсөтүү; квалификациялуу юридикалык жардам аныктамасына туура келбей турган жардамдардын башка формалары;
Консультациялык-укуктук жардам алууга Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар жана качкындар укуктуу.
4. Квалификациялуу юридикалык жардам - ушул Мыйзамда белгиленген учурларда сот өндүрүшүнүн бардык баскычтарында мамлекеттин эсебинен кылмыш-жаза, жарандык, административдик иштер боюнча жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча адамдардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын билдирүү жана/же коргоо боюнча адвокаттын кесиптик иши.
5-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) адвокаттык досье - бул квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү процессинде адвокат чогулткан маалыматтардын, документтердин, предметтердин жана башка маалымат алып жүрүүчүлөрүнүн жыйындысы;
2) арыз ээси - өз кызыкчылыгы же башка адамдардын кызыкчылыктары үчүн квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылган адам;
3) координатор - квалификациялуу юридикалык жардам берүү максатында арыз ээсинин, алуучунун жана адвокаттын ортосунда өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмүнүн ыйгарым укуктуу адамы;
4) параюрист - консультациялык-укуктук жардам көрсөтүүчү, юридикалык билими жок, белгилүү чөйрөдө атайын түшүнүктөрү бар адам;
5) ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү - мамлекет кепилдеген юридикалык жардам берүү боюнча процессти координациялоо үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети түзгөн адистештирилген мекеме;
6) алуучу - ушул Мыйзамда белгиленген тартипте мамлекет кепилдеген юридикалык жардам берилген жеке жак;
7) ыйгарым укуктуу орган - мамлекет кепилдеген юридикалык жардам чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укуктар берилген мамлекеттик орган;
8) регистр - кылмыш-жаза, жарандык же административдик сот өндүрүшүнүн баскычтарында өзүнө тапшырылган ишке байланыштуу адвокаттын катышкандыгын тастыктоочу процесстик документтер жана ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмүнүн чечими менен бекитилген форма боюнча квалификациялуу юридикалык жардамдын көрсөтүлүшү тууралуу адвокаттын отчеттору;
9) юридикалык клиника - юридикалык жардам көрсөтүүчү жогорку окуу жайынын түзүмдүк бөлүмү же юридикалык жак.
2-глава. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумунун субъекттери
6-берене. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумун башкарууга катышуучу органдар
Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумун башкарууга катышуучу органдар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ыйгарым укуктуу орган;
2) ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү жана анын аймактык бөлүмдөрү.
7-берене. Ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү жана анын аймактык бөлүмдөрү
Жүктөлгөн функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү координаторлор жетекчилик кылуучу облустук жана райондук түзүмдүк аймактык бөлүмдөрдү түзөт.
Ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмүнүн укуктук статусу жана ишин жүзөгө ашыруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
8-берене. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү боюнча адвокаттардын мамлекеттик реестри
1. Ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам берүү боюнча адвокаттардын мамлекеттик реестрин (мындан ары - реестр) жүргүзөт.
2. Реестр кагаз жана электрондук формаларда түзүлөт жана ыйгарым укуктуу органдын жана ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмүнүн расмий сайтында жайгаштырылат.
3. Реестрге киргизүү үчүн адвокат жеке өзү же болбосо Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы аркылуу ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмүнө арыз берет.
4. Квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү үчүн адвокаттарды тандоо тартиби жана критерийлери Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы тарабынан иштелип чыгат жана ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү тарабынан бекитилет.
9-берене. Ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмүнүн координаторунун функциялары
Ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмүнүн координаторунун функцияларына төмөнкүлөр кирет:
1) арыз ээсинин, алуучунун, адвокаттын жана мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумунун башка субъекттеринин ортосунда өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу;
2) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам берүү жөнүндө арызды кароо;
3) квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү үчүн адвокатты дайындоо жөнүндө чечим кабып алуу;
4) алуучунун кирешесинин деңгээлин ырастоо үчүн маалымат топтоо;
5) адвокатты алмаштыруу жөнүндө, квалификациялуу юридикалык жардам берүүдөн баш тартуу же токтотуу жөнүндө жүйөлөнгөн чечимди кабыл алуу;
6) жер-жерлерде адвокаттардын кезметчилик графигин түзүү жана жүргүзүү;
7) белгиленген тартипте мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү боюнча адвокаттардын ишине мониторинг жүргүзүү;
8) берилген жардамдын адвокаттардын мамлекет кепилдеген юридикалык жардам берүүсүнүн сапат стандарттарына шайкеш келишин текшерүү;
9) адвокаттык досьени, регистрди кабыл алуу, сактоо;
10) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипке ылайык адвокаттын квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн акы төлөө жөнүндө же төлөөдөн баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алуу;
11) консультациялык-укуктук жардам берүү;
12) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функциялар.
10-берене. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын катышуусу
1. Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы мамлекет кепилдеген юридикалык жардам чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырууга катышат.
2. Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы квалификациялуу юридикалык жардам берүүгө төмөнкүлөр аркылуу катышат:
1) адвокаттардын квалификациялуу юридикалык жардамынын сапат стандарттарын иштеп чыгуу жана бекитүү;
2) адвокаттардын эмгек акысынын тарифтерин жана төлөө шарттарын иштеп чыгуу;
3) квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндөгү келишимдин формасын, мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумуна катышуучу адвокаттарды тандоо критерийлерин, регистрди, адвокаттык досьени жүргүзүү тартибин жана формасын жана маалыматты сактоо мөөнөтүн иштеп чыгуу;
4) адвокаттардын ишине мониторинг жүргүзүү жана аны баалоо методологиясын иштеп чыгууга катышуу;
5) адвокаттардын ишине мониторинг жүргүзүүгө жана баалоого катышуу;
6) адвокаттардын квалификациясын жогорулатууну уюштурууга жана жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү;
7) аймактык адвокатуралардын ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү жана анын аймактык бөлүмдөрү менен өз ара аракеттенүүсүнө көмөк көрсөтүү;
8) калкка мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө маалымат берүүгө катышуу;
9) адвокаттарды мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумуна катышууга тартуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу;
10) ушул Мыйзамга, адвокатура жана адвокаттык иш жөнүндө мыйзамдарга ылайык башка функцияларды аткаруу.
3. Ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмүнүн сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы берилген квалификациялуу юридикалык жардамдын сапатына жана/же адвокаттардын Кесиптик этика кодексин бузгандыгы жөнүндө арыздарды жана даттанууларды карайт.
11-берене. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам берүүчү жана көрсөтүүчү субъекттер
1. Консультациялык-укуктук жардам берүүчү субъекттер:
1) мамлекеттик органдар жана алардын ведомстволук мекемелери;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын ведомстволук мекемелери;
3) ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү жана анын аймактык бөлүмдөрү;
4) адвокаттар, адвокаттардын жардамчылары, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар, юридикалык клиникалар жана параюристтер.
2. Квалификациялуу юридикалык жардам реестрге киргизилген жана ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү менен келишим түзгөн адвокаттар тарабынан жүргүзүлөт.
12-берене. Консультациялык-укуктук жардам берүү тартиби
1. Мамлекеттик органдар жана алардын ведомстволук мекемелери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын ведомстволук мекемелери адамдарга алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча мыйзамдарда белгиленген тартипте оозеки жана жазуу жүзүндө укуктук консультация берүү түрүндө консультациялык-укуктук жардам көрсөтүшөт.
2. Ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү жана анын аймактык бөлүмдөрү консультациялык-укуктук жардамдын ушул Мыйзамдын 4-беренесинде каралган бардык түрлөрүн көрсөтөт.
3. Адвокаттар, адвокаттардын жардамчылары, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар, юридикалык клиникалар жана параюристтер тарабынан консультациялык-укуктук жардам берүү тартиби алар тарабынан өз алдынча аныкталат.
4. Ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү адвокаттар, адвокаттардын жардамчылары, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар, юридикалык клиникалар жана параюристтер менен социалдык өнөктөштүк принциптеринде өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашыра алат.
3-глава. Квалификациялуу юридикалык жардам
13-берене. Кылмыш-жаза сот өндүрүшү чөйрөсүндө жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча квалификациялуу юридикалык жардам алууга укуктуу адамдар
1. Кылмыш-жаза сот өндүрүшү чөйрөсүндө жана бузуулар жөнүндө иштер боюнча квалификациялуу юридикалык жардам алууга укук Кыргыз Республикасынын жарандарына, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга, качкындарга берилет.
2. Кылмыш-жаза иши боюнча квалификациялуу юридикалык жардам шектелгендерге, айыпталуучуларга, соттолгондорго, акталгандарга, жабырлануучуларга, он сегиз жашка чейинки курактагы күбөлөргө, ошондой эле укук бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылган адамдарга берилет.
3. Ушул берененин 4-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, шектелгенге, айыпталуучуга, соттолгонго, акталганга, жабырлануучуга квалификациялуу юридикалык жардам анын кирешеси республикалык бюджет жөнүндө мыйзамда жыл сайын белгиленүүчү минималдуу эмгек акысынан 60 эсе өлчөмүнөн ашпаган шартта берилет. Кирешенин өлчөмү квалификациялуу юридикалык жардам үчүн кайрылганга чейинки 12 айлык мезгил үчүн эсептелет.
4. Квалификациялуу юридикалык жардам кирешени эсепке албастан төмөнкүлөргө берилет:
1) кармалган учурларда адамдарга;
2) өзгөчө оор кылмыш жасады деп шектелгендерге, айыпталгандарга, соттолгондорго, акталгандарга;
3) I жана II топтогу майыптыгы бар адамдарга;
4) психикалык оорудан жабыркаган адамдарга;
5) Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана аларга теңештирилген адамдарга;
6) балдарга;
7) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга;
8) баланы/балдарды тарбиялап жаткан жалгыз бой адамдарга;
9) мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларына;
10) мамлекеттик социалдык стационардык мекемелерде жашап жаткан улгайган жарандарга;
11) чет өлкөлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга, качкындарга;
12) адамдарды сатуунун курмандыктарына;
13) кылмыш-жаза куугунтуктоо органдары тарабынан инсандыгы аныкталбаган адамдарга;
14) кылмыш-жаза-процесстик мыйзамдарда каралган башка учурларда.
5. Он сегиз жашка чейинки курактагы күбөлөргө, ошоңдой эле балдарга кылмыш-жаза иштери боюнча квалификациялуу юридикалык жардам балдар иштери боюнча адистешүүдөн өткөн адвокаттар тарабынан берилет.
14-берене. Жарандык сот өндүрүшү чөйрөсүндө квалификациялуу юридикалык жардам алууга укуктуу адамдар
1. Жарандык сот өндүрүшү чөйрөсүндө квалификациялуу юридикалык жардам алууга укук Кыргыз Республикасынын жарандарына берилет.
2. Квалификациялуу юридикалык жардам төмөнкүлөргө берилет:
1) эмгек акыны жана башка суммаларды эмгек акыны төлөө тартибинде өндүрүп алуу жөнүндө доолор жана эмгек укуктук мамилелеринен келип чыгуучу башка талаптар боюнча доогерлерге;
2) мертинүүдөн же ден соолугунун башка бузулушунун айынан, ошондой эле багуучусунун өлүмүнө байланыштуу келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө доолор боюнча доогерлерге;
3) кылмыш же укук бузуу менен келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндө доолор боюнча доогерлерге;
4) мүлктү бөлүштүрүү жөнүндө доолор боюнча үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан тараптарга;
5) алименттерди өндүрүп алуу жөнүндө доолор боюнча тараптарга;
6) балдардын жашаган жерин аныктоо жөнүндө доолор боюнча тараптарга;
7) бала менен баарлашуу тартибин аныктоо жөнүндө доолор боюнча тараптарга;
8) ата-энелик укуктарынан ажыратуу жөнүндө доолор боюнча тараптарга;
9) сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таануу жөнүндө иштер боюнча жарандарга;
10) психиатриялык стационарга мажбурлап жаткырууда.
3. Ушул берененин 4-бөлүгүндө каралган учурларды копшогондо, ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарга квалификациялуу юридикалык жардам алардын кирешеси республикалык бюджет жөнүндө мыйзамда жыл сайын белгиленүүчү минималдуу эмгек акысынын 60 эсе өлчөмүнөн ашпаган шартта берилет. Кирешенин өлчөмү квалификациялуу юридикалык жардам үчүн кайрылганга чейинки 12 айлык мезгил үчүн эсептелет.
4. Кирешеси эсепке алынбастан квалификациялуу юридикалык жардам төмөнкүлөргө берилет:
1) I жана II топтогу майыптыгы бар адамдарга;
2) Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана аларга теңештирилген адамдарга;
3) жашоонун оор кырдаалында калган балдарга;
4) багуусунда бала/балдар бар жалгыз бой адамдарга;
5) мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларына;
6) мамлекеттик социалдык стационардык мекемелерде жашап жаткан улгайган жарандарг